Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жоолук билимге тоскоол эмес: Президенттик стипендияга татыган Айзат

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 26 декабрь 2018

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 25-декабрда 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

69 студент окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери үчүн президенттин колунан сыйлык алышты.

Алардын арасында – Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин табигый -педагогикалык факультетинин 4-курсунун студенти Айзат Кудайбердиева да бар.

Айзат талыкпаган эмгеги, билим алууга болгон күжүрмөн аракетинин аркасында мындай стипендияга татыды.

null

Айзат Кудайбердиева фейсбук досторуна өзүнүн кубанычы менен тең бөлүшүп, сүрөтүнүн астына: Ураа!

Кыял - максат - план - дуа - аракет - аракет - даагы аракет - каршылыктар - шылдыңдоолор - ишенбестиктер - тоскоолдуктар - үмүт - сабр = жеңиш! Алхамдулильлях” деп жазган.

Айзат сөз менен жеткире алгыс сүйүнүчүн жашырган жок:

“15 жылга чукул убакыттан бери мен окуган Кыргыз-Өзбек университетинен президенттик стипендия алгандар болбоптур. Окуу жайымды таанытуу мен үчүн чоң сыймык. Бизге билим берген агай-эжелериме чексиз ыраазымын”,-дейт Айзат.

Кошумчаласак, ушул жылдын башында Айзат өзүнүн авторлугундагы "Максатка карай кадам" аттуу китептин бет ачарын тартуулган. Айзаттын айтымында, бул китепти жазууга, биринчиден, анын алдыга койгон оргуштаган максаттары, экинчиден, мотвациялык тематикадагы китептери, үчүнчүдөн, калбай катышкан тренинг-семинарлары себеп болгон:

Баса белгилей кетсек, президенттик стипендияга жетүү үчүн студенттер жалаң “5” деген баага окуп, коомдук иштерге активдүү катышыш керек.

null



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов