Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

2019-жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо 9-январдан 31-январга чейин жүргүзүлөт (Талаптар)

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 7 январь 2019

2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 2019-жылдын 9-январынан 31-январь, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облусттук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы.

null

Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООГО КАТЫША ТУРГАН АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

1. 2019-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

2. Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК Банкына (Ажылык-2019 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.

3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (Ажылык-2019 эсебине) төлөнгөн (700сом) квитациясынын түп нускасы.

4. Ажыга баруучунун жашаган жериндеги учету 2018-жылдын 10-августунан кем болбоосу шарт. Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы.

5. Тышкы паспорту.

• Биометрикалык паспорт менен тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.

• Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2020-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз.

6. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

• Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1974-жылы май айында төрөлсө туулгандыгы тууралуу күбөлүк же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат ал эми июнь айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.

7. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.

• Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт.

• Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.

• Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат.

8. №086у формасындагы медициналык тактама.

• Ажыга баруучунун ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.

9. Келишимге кол койдуруу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).

10. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу (Тышкы паспорттунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).

11. Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмү жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

12. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2019-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

13. Сауд Араб Падышалыгы (САП) тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөөгө милдеттүү (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга тааныштырып, келишимге кол койдурууга милдеттүү).

Эскертүү: Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса дагы кошумча маалымат берилет.

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Намаз убактылары
25 май 2020г.
Багымдат
3:22
Күндүн чыгуу
5:29
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:32
Куптан
22:10
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов