Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түркияда бүтүндөй айыл чылым чегүүнү таштады

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Islam.plus / Жарыяланды: 14 февраль 2019

Хайдарбейли айылынын 180 тургуну баарыдыгы бирдей чылым чегүүнү ташташты. Бул тууралуу Sabah басылмасы кабарлайт.

null

Мухсин Варол 13 жылдан ашуун убакыттан бери чылым чегип келгенин айтат:

“Мен да бардык айыл тургундарына кошулуп чылым чегүүнү таштадым”,-дейт ал.
Ал, ошондой эле, айыл тургундары биргелешип активдүү эс алууга чыгып турушарын, дени сак жашоо образын жүргүзүүгө аракет кылып жатышканын да кошумчалады.

Айылда жаңы эле чылым таштоого аракет кылып жаткандарды ар тараптан колдоп турушат экен. Анын үстүнө, антиникотиндик кампания жергиликтүү бийликтен да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө колдоо табышкан.

“Эми биздин үйлөрүбүздө, машина жана жолдордо тамекинин жыты да жок. Бизге келген коноктордун да чылым чегишин биз каалабайбыз. Алар өздөрү деле бизден уялышып тамеки тартышпайт. Биздин айылдан тамекинин таштандысын табууга мүмкүн эмес”, -дейт айыл тургуну Ясин Угурлу.
Айылга келген аймак башчысы Халил Ибрахим Жошкун айылдыктардын бул жакшы ишине ыраазычылык билдирип, башка жерлерде да мындай жакшы саамалык болоруна үмүттөнгөнүн айтты.

Sabah басылмасы билдиргендей, чылым чегүүгө планетанын 3,3 млрд тургуну берилген. Жыл сайын бул жаман адаттан дүйнөдө 5 миллиондун тегерегинде адам каза болот. British Medical Journal британиялык медициналык басылмасынын статисткасына караганда, 2006-жылы эң көп чылым чеккен мусулман өлкөсү Йемен болгон. Ал жакта эркектердин 77%ы, аялдардын үчтөн бири тамеки чегери айкындалган. Экинчи орунда Индонезия, андан соң Тунис, Гвинея жана Түркия турат.

Маалымат булагы: islam.plus сайтынан которулду.



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48