Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Быйыл 9 диний окуу жайда кесиптик билим берилет

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 28 февраль 2019

Кыргызстанда медреседе окуган жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоордун кезектеги этабы быйыл жаздан тарта ишке аша баштайт. Респубика аймагындагы медреселердин суроо-талабын, кайсы кесипти үйрөнүүгө маани беришерин анализдеп чыккандан кийин, быйылкы жылдын эсебинен тогуз медресе тандалып алынды. Жыйынтыгында 300гө жакын уландар менен кыздар жаңы кесипке ээ болуп чыгышат. Бул тууралуу медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөткөн “АВЕП” коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов маалымдады.

null

Долбоор Кыргызстандын бардык облустарын камтып, бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышат. Адистиктер “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник", “Тикмечи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багыттары боюнча үйрөтүлөт.

“Биздин максат жаштарга сапаттуу билим берип, жашоо-турмушуна керектүү, пайдасы тийгидей болгон кесип үйрөтсөк дейбиз. Негизи медреседе окуган балдар зээндүү келишет экен. Жыйынтыгы абдан ийгиликтүү болуп жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн теңинен көбү жумуш менен камсыз болуп жатышат” – деп белгиледи КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Долбоордун алгачкы этабы 2015-жылы башталып, “АВЕП” коомдук фонду жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алдында ишке ашырылган. Медреселерде окуган жаштарды кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыздап, окутуп, үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды (методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу, окута турган мугалим-адистерди тандоо, алардын айлык акысы жана башка шарттары) толугу менен грант катары берип, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо. Былтыртан тарта долбоор Кыргызстандын бардык аймагын камтыган. Төрт жыл аралыгына “Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү” долбоорунун алкагында 1184 окуучу кесип үйрөнүп чыкты. Алардын ичинде 499у кыздар болгон. Мониторинг кылуунун жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн 60-65% пайызы туруктуу жумуш менен камсыз болуп, иштеп жатканы аныкталды.

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 май 2020г.
Багымдат
3:22
Күндүн чыгуу
5:29
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:32
Куптан
22:10