Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

МУТАКАЛЛИМ: Кандай аялзатына Каабаны 1000 жолу айланып чыккандай сооп берилет?

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Мутакаллим / Жарыяланды: 20 март 2019

“Исламда адам баласы үчүн Аллах Таалага сыйынуудан кийинки эле эң жогороку амал - бул ата-энени сыйлап аларга кызмат кылуу. Бирок ошол ата-эненин ичинен эненин ыраазычылыгы жогору турат. Пайгамбарыбыз САВ минтип айткан: “Эгер сени атаң менен энең бир убакытта чакырып калса, анда биринчи энеңе жооп бер, андан соң атаңа жооп бер. Ислам “Бейиш-эненин таманында” деген бир хадис менен эле аялзатынын ордун так көрсөтүп койгон”.

null

Бул сөздөрдү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн башчысы Гафуров Султан “Бейиш-энелердин таман алдында” аттуу иш-чарада өзгөчө баса белгилеп айтты.

Иш-чараны “Мутакаллим” аялдардын коомдук прогрессивдүү бирикмеси “Коомчулуктун жашоосунда аялдарды активдештирүү” долбоорунун алкагында уюштуруп, аны 18-мартта болжол менен 130дан ашуун кыз-келиндер, апалардын катышуусунда өткөрдү. Аталган иш-чаранын максаты келген конокторго ислам тарыхындагы белгилүү айымдар тууралуу айтып берүү, алардын өмүр жолунан сабак алуу, аялдардын исламдагы укук-милдеттери тууралуу азыноолак тааныштыруу эле.

Анда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн башчысы Гафуров Султандын баяны көпчүлүгүн таасирлентти.

null

Султан мырза исламда аялзатынын ролу өтө жогору экендигин баса белгиледи. Аялзаты бул биринчи кезекте – эне, сүйүктүү жубай, жароокер кыз. Ал кайсы гана ролдо болбосун бийик турат. Ата кыздуу болгондо ага бейиштин эшиги ачылат, ал эми эркек жубайлуу болгондо анын ыйманынын жарымы толукталат, аялзаты эне деңгээлине жеткенде бейиш анын таман астында калат.

Султан Гафуров аялзатынын жубай катары кандай амалдарды аткарып, Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө болоруна токтолду:

“Эгерде күйөөсү аялына чын дилинен ыраазы болсо, ал аялга 60 жыл ибадат кылгандын сообу берилет.

Күйөөсү аялынын суу алып келип берүүсүн өтүнүп, аялы ага суу алып келип берсе, анда ал аялга 1 жыл орозо кармагандын сообу болот.

Аял жолдошунун көңүлүн жылытып, көңүл ачып отурса, ага 60 кулду азат кылгандай сооп жазылат.

Эгерде аял намазын окуп, орозосун кармап, туугандар менен жакшы мамиледе болуп, күйөөсүнүн аманат кылган мал-мүлкүн жакшы сактаган болсо, мындай аял каабаны 1000 жолу айлангандай соопко татыйт.

Күйөөсүнө 7 күн кызмат кылган аял үчүн тозоктун 7 эшиги жабылып, бейиштин 8 эшиги ачылат.

Ыймандуу аял 1000 эркектен жакшыраак”.

Пайгамбарыбыздын (САВ) дагы бир мындай хадиси ушунчалык жүрөк жылытат:

Бир жолу Пайгамбарыбыз (САВ) төөнүн үстүнө минип кетип бара жаткан бир нече аялды көрөт. Төөлөрдү айдап, алдыга сүрөп бара жаткан эркек аларды өтө ылдам башкарып жатканын көргөн Пайгамбарыбыз (САВ) мындай ылдамдык аялдарга ыңгайсыздыкты жаратканын көрүп, ага минтип кайрылат: “Сен хрусталь кутучаларды алып бара жатасың, аларды абайлап кара”,-деген.

null

Султан Гафуров: "Аялдардын эң жакшысы бул аны караган кезде жүрөк кубанса, жолдошу буюрган ишти аткарып койсо, күйөөсү сапарга кеткенде бала-чака, мал-мүлкүн жоопкерчилик менен караса.

Дагы бир хадиске ылайык, аялзаты 5 убак намазын окуп, орозосун кармап, денесин арамдан сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, акыретте ал бейиштин 8 эшигинин кайсынысынан кирүүнү кааласа, ошондон кирсин деп айтылат".



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
12 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
12:55
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов