“Мага айрым эркектер “Аялдарды бузуп жатасың. Тынч эле отура бербейсиңби” деп жазып калышат. Аялдардын үй-бүлөдөгү өз укугу менен милдеттерин билгени эркектерге эле жакшы экенин айтып түшүндүргөнгө аракет кылам”. Бул сөздөрдү “АЙЫМДАР KG” коомдук бирикмесинин жетекчиси Шахризада Аданова кезектеги “Аялзат ааламы” жазгы форумунда айтты.

Иш-чара 30-мартта өтүп, ага 200гө чукул кыз-келиндер катышты.
Учурда моралдык жана психологиялык колдоого муктаж айымдар көп экенин форумдун уюштуруучусу Шахризада Аданова өзгөчө баса белгиледи.

Аталган айымдардын форуму бир топ пайдалуу кеңештер менен коштолду. Руханий баалуулуктар тууралуу коомдук ишмер, “Оймок арт” студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова, адамдын өзүн өзү сүйүп, баалоосу тууралуу үй-бүлөлүк тренер Алия Рысманова, кийимдерди жарашыктуу тандоо боюнча “Динар” стиль жана имидж агенттигинен өкүл Бермет Бекмуратова жана бет терисине туура кам көрүү тууралуу косметолог Лаура айымдан пайдалуу кеңештер айтылды.
Айжан Акылбекова, коомдук ишмер:
“Адам баласы жашоосун туура нукка салуу үчүн эң биринчи ой жүгүртүп, пикир калчоосун ойготуусу зарыл. Ой жүгүртүү жакшыны жамандан, акты карадан, адалды арамдан айрымалоого жардам берет. Бул нерселердин баары Аллах Тааладан түшкөн Ыйык Куран китебинде айтылган.

Адамдар технологиянын, саясаттын кулу болушууда. Бирок, эмнегедир, мына ушул нерсенин баарын жараткан Аллах Таалага кул болуудан адамдар арданат. Жалгыз Аллахка кул болгонубуз үчүн биз, тескерисинче, сыймыктанып жашообуз керек деп ойлойм.
Азыркы күндүн башкы көйгөйү бул адамдарда жоопкерчиликтүүлүктүн жоктугу болуп жатат. Азыр адамдарга бир жерге кечигип баруу законченемдүү көрүнүш болуп калды. Жашоонун ар кайсы аспектисиндеги жоопкерчиликтин жоктугу өнүгүүгө алып келбейт.
Дагы бир көйгөй, азыр биз, адамдар, жан дүйнөбүзгө генералдык тазалоо иштерин жүргүзбөй калдык. Үйүбүз чачылып жатса кыжалат болобуз, ырахаттанып жашай албайбыз, андыктан, сөзсүз жыйнайбыз да, туурабы? Ал эми жан дүйнөбүзчү? Балким ал жакта да ирээтсиздик, башаламандык болуп жаткандыр. Бирок биз көзгө көрүнгөн гана нерселерди жыйнап, көзгө көрүнбөгөндөргө маани бербей жатабыз. Бир топ көйгөйлөр да ушундан келип чыгууда деп ойлойм”.
Алия Рысманова, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча тренер:
“Ар бир адам өзүн сүйүп, баалаш керек. Кээ бирлер бул нерсени эгоизм деп түшүнүп алуусу мүмкүн. Бирок бул – жаңылыш ой. Өзүн сүйүү деген бул - “мен өзүмдү сүйөм, барктайм, ошол эле убакта башканы да сүйөм” деген түшүнүк. Эгерде биз өзүбүздү канчалык жакшы көрсөк, өзүбүзгө ишенсек, жасаган кадамдарыбыз да ошончолук бекем, ишеничтүү болот. Ал эми мындай ишеничтүү кадамдардын жыйынтыгы, албетте, ийгиликке алып келет. Бул формуланы жаттап алалы. Баары ишеничтен жана сүйүүдөн башталат. Андыктан, бизге тоскоол болуп жаткан ички дүйнөбүздөгү комплекстерди түп оту менен алып салууга аракет кылалы.

Мындай бир жакшы көнүгүү бар. Буга көп болсо 5 мүнөт убакыт кетет. Моюнду артка таштап, денебизди бош коюп кыялданалы. Баары чыныгы жашоодо болуп жаткан сымал кыялданалы. Бул ыкма ойлорубузду тазалап, алдыга карай шытканууга жакшы жардам берет”.
Бермет Бекмуратова, стилист:
Стилдүү кийинүүдө өңдөрдү туура тандоо маанилүү. Өңдөр тууралуу илимди колористика деп коет. Мурунтан эле өңдөр менен элдерди дарылап келишкен. Ар бир өңдүн адамга тийгизген таасири болот.

Кийимдердеги өңдөрдү айкалыштырууда негизги бир эжени сактоо зарыл. Кийимдердеги өңдөрдү пропорционалдуу кылып бөлбөө керек. Мисалы жалпы кийимдин 50 %ы кызыл, 50%ы сары болсо жагымсыз көрүнүп калат. 80%ы кызыл, 20%ы сары болсо жакшыраак отурушу мүмкүн.
Дагы бир маанилүү жагдай, “ахроматикалык өңдөр” деген түшүнүк бар. Ахроматикалык түстөргө ак, кара жана боз кирет. Эгер кийимиңизде ак, кызыл жана жашыл өңдөр болсо,жалпысынан 2 гана түс бар деп саналат. Ак ахроматикалуу түс болгондуткан саналбайт. Демек, кийимде ахроматикалуу түстөрдүн болушу сизди стилдүү көрсөтөт.
Эми 2019-жылдын тренддерине келсек:
Бул жылдын трендине клетка кийимдер,белге байланган сумкалар, кенен шымдар чыкты. Тренд өңдөр – кызгылт сары, алтын сымал сары жана көк.
Косметолог Лаура айымдын беттин терисине кам көрүү боюнча кеңештери келген айымдарга чоң белек болду. Алар өзүлөрүнүн кызыктырган суроолоруна адистин кенен жообун ала алышты.
Мындай мүнөздөгү иш-чаралар кыз-келиндерге чоң мотивация берет.
Форумга катышкан апа:
Кошумчалай кетсек, мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар, муктаж айымдар жана майып балдардын апаларына “АЙЫМДАР KG” бирикмеси билеттерди белек катары таратышкан.
Иш-чара 3 саатка чукул созулуп, кызыктуу оюндар, баалуу белектер менен коштолду.
2 декабрь 2019
27 ноябрь 2019
19 ноябрь 2019
15 ноябрь 2019
12 ноябрь 2019
11 ноябрь 2019
7 ноябрь 2019
6 ноябрь 2019
5 ноябрь 2019
1 ноябрь 2019
22 октябрь 2019
25 сентябрь 2019
30 август 2019
26 август 2019
23 август 2019
22 август 2019
25 июль 2019
22 июль 2019