Мечит 7-кичирайондо курулуп, анын ачылышы, кечээ, 4-апрелде болду. Бул тууралуу жергиликтүү интернет-сайттар жазып чыгышты.
Жаңы ачылган мечит мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөлүп берген жер тилкесинде курулуп, 2010-жылкы апрель окуясында курман болгондордун элесине арналды. Мечит “7-апрель шейиттери” деп аталды.
“Мындай мечиттин курулары тууралуу 2016-жылы эле сөз болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаев 90-жылдардан бери жеке өзүнө таандык болгон жер тилкесин бөлүп берери айтылган”, -деп жазат “Кактус Медиа”.
Анда айтылгандай, жаңы мечиттин архитектурасы өзгөчө болуп, сапатына кылдаттык менен көңүл бөлүнөт.
Кошумчаласак, мурдагы өлкө башчысы мечиттин курулушуна жоро-жолдоштору көмөк көрсөткөнүн да айтты.
Салтанаттуу ачылышка муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана диний аалым Абдышүкүр Нарматов келди. Мечиттин имам-хатиби болуп Абдышүкүр Нарматов дайындалды.
Белгилей кетсек, мечиттин жалпы аянты короосу менен биргеликте 2 гектарды түзөт.





28 ноябрь 2019
19 ноябрь 2019
15 ноябрь 2019
11 ноябрь 2019
7 ноябрь 2019
5 ноябрь 2019
1 ноябрь 2019
24 октябрь 2019
10 октябрь 2019
25 сентябрь 2019
24 сентябрь 2019
18 сентябрь 2019
30 август 2019
26 август 2019
23 август 2019
22 август 2019
25 июль 2019
22 июль 2019