13-14-апрелде Бишкекте россиялык психолог, үй-бүлөлүк психология боюнча эл аралык деңгээлдеги тренер Алсу Камалованын көптөн күткөн семинары болот.
Жан дүйнөңүздө сизди кыжаалат кылган бир нерсе турабы?
Жашооңузду ирээтке келтирип, жаңы барактан баштоону каалап жатасызбы?
Ишкерликке кадам таштап, бирок эмнеден баштарыңызды билбей турасызбы?
Үй-бүлөлүк бактылуулуктун сырларын үйрөнгүңүз келеби?
Мына ушундай темаларга байланыштуу өзгөчө кеңештерди 13 жана 14-апрелде Тюбетейка Фэмэли (Фрунзе 368/ Панфилов) ресторанында өтүүчү 2 күндүк тренингден алсаңыздар болот.
⠀
Адам өзүн түрдүү чөйрөдө калыптандырып, ийгиликке жетүүсү үчүн аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн жана туура пландоосун туура калыпка түшүрүүсү зарыл.
Буга угармандарын эл аралык деңгээлдеги россиялык психолог жана тренер Алсу Камалова үйрөткөнгө аракет кылат. Алсу Камалованын өзгөчөлүгү - ал психология менен ислам баалуулуктарын айкалыштырып, теманы так жана ийне-жибине чейин айтып бергени.
Алсу Камалова – ислам жолундагы айым, үй-бүлөлүк психология боюнча эл аралык деңгээлдеги тренер, “Baby Club” балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси.
Алсу Камалова Кыргызстанга алгач ирет келип жаткан жок. Ал буга чейин да тренинг өтүү үчүн келип кеткен. Алсу айымды ар жолкусунда зал толо угармандары чоң кубаныч менен тосуп алышат.
Алсу айым ар дайым айымдарды түйшөлткөн маселелер тууралуу сүйлөйт. Ал бул маселелерди ислам призмасы аркылуу карап, чечмелеп берет. Анын бардык кеңештери жөнөкөй, гениалдуу жана иш жүзүнө ашырыгууга да оңой.
⠀
Бул жолку тренингде сиздерди төмөндөгүдөй темалар күтөт:
1- Күн:
Жашоонун мааниси эмнеде?
Аллах Таалага туура тобокел кылууну кантип үйрөнүү керек?
Мамилелерде приоритеттерди туура коюнун ыкмалары;
Иште, мамилелерде, жаңы нерсени баштоодо ар кандай коркуулардан кантип арылуу керек?
Өзүңдүн ишиңди (бизнес) кантип баштоого болот?
Кандай ниет болсо, ошондой жыйынтык.
⠀
2- күн:
Үй-бүлө деген эмне?
Эркек менен аялдын айрымасы эмнеде, экөөнүн баалуулуктары?
Мамилелерде жаңы баскычка кантип чыга алабыз?
Балдарыбызды кантип бактылуу кылабыз?
⠀
Тренингге билеттерди 0553 138 008 номери аркылуу ала аласыздар.
1 күндүк тренинг – 1000 сом, 2 күндүк – 1500.
28 ноябрь 2019
27 ноябрь 2019
15 ноябрь 2019
6 ноябрь 2019
5 ноябрь 2019
24 октябрь 2019
22 октябрь 2019
17 октябрь 2019
14 октябрь 2019
24 сентябрь 2019
19 сентябрь 2019
18 сентябрь 2019
30 август 2019
23 август 2019
22 август 2019
21 август 2019
19 август 2019
25 июль 2019