Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Алсу Камалованын кеңештери жөнөкөй, гениалдуу жана жүзөгө ашырууга оңой. Тренингге барууга 7 себеп

Автору: Айкөл Болотбекова, кыргызчалаган - Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Алсу Камалова / Жарыяланды: 8 апрель 2019

13-14-апрелде Бишкекте көпчүлүгү чыдамсыздык менен күткөн Алсу Камалованын семинары болот. Алсу Камалова – Казандык үй-бүлөлүк психология боюнча эл аралык деңгээлдеги тренер.

Алсу Камалова өзүнүн угармандарынын жүрөгүн бат эле ээлеп алат. Анын бардык кеңештери жөнөкөй, гениалдуу жана иш жүзүнө ашырууга да оңой. Анын тренингин ар бир аялзаты уга турган болсо көптөгөн ийгиликтерге жетишери бышык. Эгер сиз Алсу айымдын семинарына бара элек болуп, “эмне кылсам?” деп ойлонуп жатсаңыз, анда бул макала сиз үчүн:

null

Алсу Камалованын тренингине эмне үчүн барышым керек? 7 себеп!

1) “Аллах Тааланы биринчи орунга койсоң, калганы өзүнөн өзү эле өз ордуна келет”. Бул фраза көбүнө эле белгилүү болсо керек. Бирок көпчүлүгү аны практикада кантип колдонуу керектигин жакшы биле бербейт.

Алсу Камалова өзүнүн жеке жашоосундагы жөнөкөй мисалдарды пайдаланып, кантип бир эле дуа, же туура эмес жасалган иш үчүн өкүнүү бардык көйгөйлөрдү чечип, ашыкча тынчсыздануудан арылтарын айтып берет. Ал көйгөйлөрдүн баары Аллах Таала менен болгон туура эмес мамиледен чыгарын айтат. Андыктан, алгач, бул нерсенин үстүнөн кандайча иштөө керектигин үйрөтөт.

2) Алсу Камалова - бир нече жылдардан бери Baby Club балдарды өнүктүрүү борборунда жетекчи. Ошондой эле, ал өзү да - 2 баланын энеси. Ошондуктан, Алсу Камалова бала тарбиялоо тууралуу адабияттардан гана эмес, жеке тажрыйбасынан дагы кенен кабары бар. Ал сиздерге балдардын таптакыр башкача керемет дүйнөсүн ачып берет. Алсу айым балдардын психологиясы, психотиптери, ой жүгүртүүсү жөнүндө айтып, балаңыздын потенциалын жана талантын кантип ачуу керектигин үйрөтөт.

null

3) Алсу Камалова – сүйүктүү жубай. Ал өзү да түрдүү кыйынчылыктардан өткөн. Ажырашып кетүү тууралуу ойлорго чейин болгонун айтат. Бирок Алсу никесин сактап гана тим болбостон, гармониялуу, сүйүүгө толгон үй-бүлөнү кура алган. Ал, ошондой эле, аялдар менен эркектердин психологиясы, кантип бири-бирин тыңдап, түшүнүп, сезип, кубандырып жашоо керектигинин сырларын ачат. Адатта, Алсу Камалованын тренингдерине аялдар келет, бирок угармандардын арасында уюштуруу иштерине катышып калган мырзалар да болгон. Алардын бири мындайча ою менен бөлүштү:

“Буюрса, Аллах насип этсе, мен Алсу Камалованын семинарына жубайым менен келүүнү каалайм. Бул биздин бактылуу үй-бүлөлүк жашообузга чоң салым кошоруна ишеничтемин”.

4) Алсу Камалова жакын адамдарын жоготкон. Жашоодо финансылык кыйынчылыктардан да өткөн. Бирок ал бардык кырдаалдарга шүгүр кылуу менен карайт жана бул нерсеге угармандарын да үйрөткөнгө аракет кылат. Анын тренингинен соң жашообуздагы анча маанилүү болбогон нерселерге да ыраазычылык билдиргиң келет – сирендин гүлдөгөнү, шоколаддын кичинекей бөлүгү үчүн, керек болсо жолдогу тыгындарга да ыраазычылык билдирүүнү каалап кетесиң.

null

5) Алсу Камалова – ийгиликтүү ишкер айым. Бирок анын бизнеси ар дайым өсүштө болуп ийгиликте эле тура берген эмес. Ийгиликсиз учурлар да болгон. Ал кирешени кантип көбөйтүп, финансылык жактан көз карандысыз болуу боюнча да алтын кеңештери менен бөлүшөт. Анын кеңештери көпчүлүк жерден угуп жүргөн катардагы эле кеңештер эмес.

Мисалы, ал “Нетворкинг түзүңүз”, “Коркунуч менен жалкоолукту алып салыңыз”, “Жыгылдыңызбы? Кайра туруңуз” дегендин ордуна, “Үй-бүлөгө убакыт бөл”, “Элдерди конокко чакыр”, “Башкаларга белек бергенди үйрөн” деген сыяктуу кеңештерди айтат? Сизге бул кеңештер түшүнүксүз, бир кызыктай угулуп жатабы? Балким. Бирок мунун баары кадимкидей жардам берет. Анткени Алсу Камалова кеңештерин Куран менен сүннөткө таянып иштеп чыккан жана жеке практикасында да көргөн.

Дал ушул темадагы орус тилиндеги “Кантип карыздардан кутулуп, ырыскыны көбөйтүү керек?” деген макаладан окуңуз. Аталган макала тренингден соң жазылган.

6) Алсу Камалованын тренингинин темалары: “Балдарды тарбиялоо”, “Жубайың менен мамиле” жана башка ушул сыяктуу. Ошондуктан, азырынча турмушка чыга электер, же балдары эбак элек чоңоюп кеткендер бул тренингдин аларга тиешеси жок экендигин ойлошот. Жок. Бул тренигге бардык аялдар келе алышат. Анткени Алсу Камалова балдар, жубайлар мамилеси тууралуу гана эмес, дегеле адамдар менен болгон мамиле тууралуу айтып берет. Адамдарды жакшы көрүү, аларга камкордук көрсөтүү адамдардын өздөрүнө эле кандай таасир берерин айтат. Кантип Аллах Таала адамдар аркылуу жүрөктөрдү тазалап, бизди өзүнө жакындатарын баяндайт.

7) Анан албетте, Алсу Камалова тренингдеринде жылуу атмосфераны түзөт. Анын сөздөрү жүрөктөн чыгып, угармандарынын жүрөгүнө жетет. Трениг сиздин билим куржунуңузду алда канча байытарына ишенебиз.

Алсу Камалованын семинарларына катышып калган айым мындай ойлору менен бөлүшүп өттү:

“Алсу айымдын тренигдери чыныгы аялдык энергетикага толгон. Маалыматты жеткирүү эмоционалдуу, сезимдер, жашоодогу керектүү мисалдар менен достуктун жылуу атмосферасында коштолот. Мына ушунусу менен Алсу Камалованын жолугушуулары уникалдуу.

null

Билеттердин саны чектелген. Төмөндөгү номер аркылуу буйрутма бере аласыздар - ☎0553 138 008.

Бир күнгө – 1000, 2 күнгө- 1500 сом.

Бул жолку тренингде сиздерди төмөндөгүдөй темалар күтөт:

1- Күн:

Жашоонун мааниси эмнеде?

Аллах Таалага туура тобокел кылууну кантип үйрөнүү керек?

Мамилелерде приоритеттерди туура коюнун ыкмалары;

Иште, мамилелерде, жаңы нерсени баштоодо ар кандай коркуулардан кантип арылуу керек?

Өзүңдүн ишиңди (бизнес) кантип баштоого болот?

Кандай ниет болсо, ошондой жыйынтык.

2- күн:

Үй-бүлө деген эмне?

Эркек менен аялдын айрымасы эмнеде, экөөнүн баалуулуктары?

Мамилелерде жаңы баскычка кантип чыга алабыз?

Балдарыбызды кантип бактылуу кылабыз?

null



Башка жаӊылыктар
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
Эл аралык укук коргоочулар: “БУУ менен Гаага соту ишин так аткара албай калышты”
18 апрель 2019
Жибек жолу көргөзмөсү: Түрдүү маданият менен таанышыңыз. Эртең Өзбекстандын күнү болот
17 апрель 2019
“Умма” журналынын арт-директору Саид Ибраимов республикалык масштабдагы конкурсту жеңип алды
11 апрель 2019
500 азанчы ат салышты. Бишкекте республикалык азан айтуу мелдешинин жеңүүчүсү аныкталат
10 апрель 2019
Ал психологияны ислам аркылуу түшүндүрөт. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
5 апрель 2019
Бишкекте өзгөчө архитектурадагы 5000 кишилик мечит ишке кирди
5 апрель 2019
"Аялзат ааламы" жазгы форумунда кандай кеңештер айтылды?
2 апрель 2019
МУТАКАЛЛИМ: Кандай аялзатына Каабаны 1000 жолу айланып чыккандай сооп берилет?
20 март 2019
Орто Азиядан жалгыз кыргызстандык студенттер Катардагы эл аралык жарышка катышууда
20 март 2019
“IХ - Республикалык Куран Жарышынын” тандоо түрү өтөт. Шарттары
18 март 2019
Айкөл Аликжанова быйылкы ажылардын кийимин тигет
18 февраль 2019
Түркияда бүтүндөй айыл чылым чегүүнү таштады
14 февраль 2019
Намаз убактылары
24 май 2019г.
Багымдат
3:23
Күндүн чыгуу
5:30
Бешим
12:59
Аср
18:12
Шам
20:31
Куптан
22:08
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов