Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

АКШ: Жоолугу үчүн Сесилия Валдовиностун сержанттык наамын алып салышты

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: islam.ru / Жарыяланды: 9 апрель 2019

Америкалык аскер айым жоолугуна байланыштуу АКШ армиясын сотко берет. Бул тууралуу ABC News кабарлайт.

null

Сесилия Валдовинос (Cesilia Valdovinos) 7жылдан бери аскер кызматкери болуп иштейт. Ал ислам динин 2016-жылы кабыл алып, ошондон бери жоолук салынат. Сесилия айымдын айтымында, 2018-жылы аны Афганистанга жөнөткөндө жоолук салынгандыгы үчүн ага карата моралдык, психологиялык чабуулдар башталган.

Армияда аны менен бирге кызмат өтөгөндөр аны террорист, “Ислам мамлекети” тобунун мүчөсү дешип, ниндзя деген сыяктуу лакап аттарды коюшкан.

Сесилия Вавилдос АКШга кайтып келгенде да ага карата кысым токтобогонун баса белгилейт. “Чачтарыңдын туура жыйналганын көрөбүз” деген шылтоо менен аны жоолугун чечтиргенге аракет кылышкан. Дал ушул жоолугунун себебинен Сесилия Вавилдосту сержанттык наамдан жөнөкөй адистикке чейин ылдыйлатып салышкан. Мына ошондуктан, Сесилия айым америкалык армияны сотко берүүнү ниеттенип жатат.

Белгилей кетсек, АКШнын солдаттарына хиджаб, сикхтердин тюрбаны сыяктуу диний баш кийимдерди кийүүгө уруксат берилген. Ал үчүн командирдин уруксатын алуу зарыл.

Маалымат булагы: islam.ru сайтынан которулду



Башка жаӊылыктар
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Катарда Рамазандын урматына 500дөн ашык товардын баасы арзандайт
6 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
18 жаштагы көзү азиз афганистандык кыз Куранды толугу менен жаттап бүттү
22 апрель 2019
Жибек жолу көргөзмөсү: Түрдүү маданият менен таанышыңыз. Эртең Өзбекстандын күнү болот
17 апрель 2019
Намаз убактылары
18 июль 2019г.
Багымдат
3:33
Күндүн чыгуу
5:39
Бешим
13:08
Аср
18:22
Шам
20:41
Куптан
22:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов