Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

500 азанчы ат салышты. Бишкекте республикалык азан айтуу мелдешинин жеңүүчүсү аныкталат

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Мухаммед-Умар" спорт клубунун Фейсбук баракчасынан алынды / Жарыяланды: 10 апрель 2019

Кыргызстанда биринчи жолу азанчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Иш-чара 27-апрелде имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте орун алат.

Бул күнү өлкө аймагынан тандалып алынган 27 азанчы ат салышат. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышат.

азан, мелдеш, клонкурс, азанчылар
Сүрөт 2018- жылы өткөн Оштогу азанчылардын республикалык мелдешинен алынды

«Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз буга чейин ар бир облусттан 3төн жеңүүчүнү аныктап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз», - деди уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Чоң масштабдагы мелдештин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.

азан, азанчылар, азанчылардын мелдеши, конкурс, жарыш, ислам, мусулмандар
Сүрөт 2018- жылы өткөн Оштогу азанчылардын республикалык мелдешинен алынды

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан 500 азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Азанчылардын республикалык мелдешине келип күбө болуп кетүүгө эшик ачык. Баардык каалоочулар келсе болот.

азан, азанчылардын жарышы, ислам, конкурс



Башка жаӊылыктар
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Намаз убактылары
30 май 2020г.
Багымдат
3:16
Күндүн чыгуу
5:26
Бешим
12:59
Аср
18:15
Шам
20:37
Куптан
22:16
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов