Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Умма” журналынын арт-директору Саид Ибраимов республикалык масштабдагы конкурсту жеңип алды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 11 апрель 2019

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өткөн жылдын ноябрь айында 2020-жылы боло турчу эл каттоо жана турак жай фондуна логотип түзүүгө дизайнерлер арасында конкурс жарыялаган.

Саид Ибраимов

Жарыштын жыйынтыгы чыгарылып, 46 катышуучунун ичинен архитектор, графикалык дизайнер, каллиграф жана “Умма” ислам журналынын арт-директору Саид Ибраимов жеңүүчү деп табылды.

Дизайнерлердин эмгектерин баалап, комиссияда жалпысынан 15 киши отурган. Жарыш 4 турда өттү. 15 киши бир добуш менен Саид Ибраимовдун эмгегин татыктуу деп табышты. Дизайнер логотиптин үстүнөн 2 жумадай убакыт иштеген.

null

Жеңүүчүгө 50 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык берилди. Саид мырза аталган каражатты алдыга койгон максатын ишке ашыруу үчүн колдонорун жашырган жок. Ал графикалык дизайнерлердин мектебин түзүүнү пландоодо.

null

Саид мырза билими боюнча архитектор. Ошондой эле, ал бир нече медреселерден билим алып, имамдык курсту толугу менен окуп чыккан.

Саид Ибраимов 2015-жылы “Умма” ислам журналынын командасы менен таанышкан соң графикалык дизайнерликти өркүндөтүп, буга убактысын көбүрөөк арнай баштайт. Саид мырзанын диний билими да болгондуктан, ал - ислам тематикасындагы дизайндын майын чыгарган аз сандагы профессионалдардын бири.

null

Саид Ибраимов учурда графикалык дизайнерлерге болгон талап жогору экендигин белгилейт.

“Азыр Кыргызстанда чакан жана орто бизнес акырындык менен өнүгүү жолуна түшүп келе жатат. Жаңы ачылган фирмалар көп. Аларга жакшы сапаттагы дизайн жасоо талабы келип чыкты. Бизнестин өнүгүп кетүүсү дизайнерден да көз каранды болуп калат. Анткени фирманын имиджинин ийгиликтүү түзүлүшү кардарларга чоң таасир этет. Компаниянын логотибинин сапаттуу болушу, товарын кардарларга жогорку деңгээлде, креативдүү ыкма менен тааныштыра алышы бул биринчи кезекте ишкер адамдын өзүнүн бизнесине жасаган мамилеси, сыйы”,- дейт Саид мырза.

null

Ошондой эле, ал профессионал дизайнер бул сүрөт тартып отура берген адам эмес экендигин, буга кошумча ал сөзсүз түрдө тарых, социология, психология, дин, искусстводон да кабардар болушу абзел экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Саид Ибраимов дизайнерлер арасында өтүп турчу жергиликтүү жана эл аралык масштабдагы сынактарга байма-бай катышып турат.

null

"Умма" журналынын жалпы жамааты Саид Ибраимовдун кезектеги ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, анын профессионалдык жактан өсүп келе жатканына сыймыктанат. Мындан ары да чыгармачылык эргүү каалап, дагы далай конкурстардын жеңүүчүсү болоруна ишенишет.

1 / 7



Башка жаӊылыктар
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Түркия Рамазанда 3 миллиондон ашык адамга гуманитардык жардам көрсөтөт
7 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
18 жаштагы көзү азиз афганистандык кыз Куранды толугу менен жаттап бүттү
22 апрель 2019
Эл аралык укук коргоочулар: “БУУ менен Гаага соту ишин так аткара албай калышты”
18 апрель 2019
АКШ: Жоолугу үчүн Сесилия Валдовиностун сержанттык наамын алып салышты
9 апрель 2019
Алсу Камалованын кеңештери жөнөкөй, гениалдуу жана жүзөгө ашырууга оңой. Тренингге барууга 7 себеп
8 апрель 2019
Бишкекте өзгөчө архитектурадагы 5000 кишилик мечит ишке кирди
5 апрель 2019
"Аялзат ааламы" жазгы форумунда кандай кеңештер айтылды?
2 апрель 2019
Жалал-Абаддагы дин кызматкерлери 28 574 көчөт жана 8377 гүл отургузушту
1 апрель 2019
МУТАКАЛЛИМ: Кандай аялзатына Каабаны 1000 жолу айланып чыккандай сооп берилет?
20 март 2019
Орто Азиядан жалгыз кыргызстандык студенттер Катардагы эл аралык жарышка катышууда
20 март 2019
Быйыл 9 диний окуу жайда кесиптик билим берилет
28 февраль 2019
Түркияда бүтүндөй айыл чылым чегүүнү таштады
14 февраль 2019
Имамдын демилгеси: 6 үй-бүлө таза суу менен камсыз болушту
9 февраль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 май 2019г.
Багымдат
3:23
Күндүн чыгуу
5:30
Бешим
12:59
Аср
18:12
Шам
20:31
Куптан
22:08