Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жибек жолу көргөзмөсү: Түрдүү маданият менен таанышыңыз. Эртең Өзбекстандын күнү болот

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: roza.kg / Жарыяланды: 17 апрель 2019

Бул күндөрү Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтүүдө. 5 – апрелде башталган масштабдуу иш-чара 28-апрелге чейин уланмакчы. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашат.

null

Аталган иш-чарага Кыргызстандагы 16 элчилик катышып, бир күндөн өз өлкөсүн таанытат. Келгендерге башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары туурасында кенен маалымат алууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, улуттук дөөлөткө айланган искусство тармактары боюнча чеберчилик сабактары өткөрүлөт. Балдар адабиятына бир күн арналып, «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясына белгилүү жазуучулар жана маданият ишмерлери катышат.

Эртең, 17-апрелде, Өзбекстандын күнү болот. Бул күнү сиз Өзбекстан тууралуу толук маалымат ала аласыз.

Көргөзмө күн сайын саат 10:00до башталып саат 18:00 чейин уланууда.

“Жибек жолу интерактивдүү көргөзмөсү” Улуу Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты тууралуу интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен кененирээк маалымат берип, ортодогу биримдик менен кызматташтыкты бекемдөөнү көздөйт.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Кийиз дүйнө» коомдук фонду биргеликте уюштурууда.

null

Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлар аркылуу өткөн.

1 / 15



Башка жаӊылыктар
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Катарда Рамазандын урматына 500дөн ашык товардын баасы арзандайт
6 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар