Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эл аралык укук коргоочулар: “БУУ менен Гаага соту ишин так аткара албай калышты”

Автору: Алтынбек Айбек уулу / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 18 апрель 2019

Укук коргоочулар учурдагы Бириккен улуттар уюму (БУУ) менен Эл аралык Гаага сотунун ишин адилетсиз деп эсептешет. Маселен, иорданиялык жазуучу, адам укуктарын коргоочу активист Давод Куттаб: Артында дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет АКШ турганда согуштук кылмыштарга каршы кантип күрөшмөк элек? Сөз жок, Америка Кошмо Штаттары Эл аралык соттон жогору турат да” деген мыскылдуу оюн билдирди. Буга окшогон пикирлер Катардын борбору Дохада өткөн эл аралык конференцияда айтылды.

null

15-апрелде өткөн иш-чара жазасыз калган согуштук кылмыштарга каршы уюштурулуп, ага адам укуктарын коргоочу уюмдардан келген 200 дөн ашык өкүл катышты.

Анда ири дөөлөттөрдүн жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келген иш-аракеттери сындалды. Маселен, Сириядагы согуштун айынан жүз миңдеген адамдардын өмүрү кыйылгандыгы, Йемендеги катаал кризис, Ливиядагы саясий туруксуздук жана согуштарды уюштуруп жаткан ири державалардын жазасыз калып жатканы катуу талкууга алынды.

Катар улуттук адам укуктарын коргоочу комитеттин башчысы Али бин Самих аль-Марри төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

“Араб дүйнөсүнө карата адам укуктарын эске албаган согуштук кылмыштарга каршы биринчи кезекте улуттук, регионалдык жана эл аралык жаза аткаруу механиздерди бекемдешибиз зарыл”.

Ал эми Сириялык укук коргоочу Фадел Абдул Гани БУУнун согуштук кылмыштарга каршы олуттуу чара көрбөгөнүн сындап чыкты:

“Президент Башар Асаддын режиминен Сирия эли жапа чегип келүүдө, маселен, сегиз жылдан бери өкмөт тарап байма-бай химиялык чабуулдарды жасап келет. Анын кесепетинен жүз миңдеген жай тургундар өз мекенин таштап чыгып кетишти. Бул көрүнүш мусулмандар үчүн чоң сабак болууга тийиш”.

Конференцияда 12-апрель күнкү Эл аралык Гаага сотунун Афганистанга байланыштуу адилетсиз чечими тууралуу дагы кеп болду. Ал чечимге ылайык Афганистандагы согушту уюштурууга күнөөлөнүп жаткан АКШ жазадан бошотулган.

Буга карата Австралия улуттук университетинин жана Амстердам университетинин Эл аралык укук боюнча профессору Кевин Жон Хеллер буларга токтолду:

“Бул жерде соттордун ачыктан-ачык АКШнын пайдасына чечим чыгарганына күбө болуудабыз. Андыктан, Эл аралык Гаага сотунун өнүгүп келе жаткан жана кедей өлкөлөр менен эсептешпээрин билсек болот. Ушундай аракеттери менен Эл аралык Гаага соту өз беделин гана түшүүрүдө”, - деди ал.

Мындан сырткары, Израилдин Палестинаны жана Сириядагы Голан дөңсөөлөрүн мыйзамсыз ээлеп алышын, ал аракетти эмне үчүн АКШ жактап жатат деген суроонун үстүндө баш катырышты.

Эскерте кетсек, дүйнө коомчулугу Афганистандагы согушка АКШ менен Орусияны күнөөлөп келет. Ал эми 1967-жылы 5-июнда Израиль Сирияга каршы агрессиясын баштап, Голан дөңсөөлөрүн басып алган. Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын 15-мартынан бери жүрүүдө.



Башка жаӊылыктар
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов