Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

18 жаштагы көзү азиз афганистандык кыз Куранды толугу менен жаттап бүттү

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: ansar.ru / Жарыяланды: 22 апрель 2019

Афганистандык тубаса көзү азиз (көзү көрбөгөн) мусулман кыз хафиз болду. Ал 18 жашында мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан Куранды толугу менен жаттап бүттү.

null

Башында ал көзү азиздерге арналган Брайл шрифти менен жазылган Куран китебинен жаттоону баштаган, андан соң атайын курска жазылып окуй баштайт.

Хамиде Өзбек өзүнүн жашоосун Курансыз элестете албарын айтат.

“Ооба, менин көздөрүм такыр эле көрбөйт, бирок Куран мени караңгыдан куткарды. Мен китепти колдорумдун жардамы менен окуйм. Мугалимдериме терең ыраазычылык билдиргим келет”, - дейт ал.

Хамиденин окутуучусу Нимет Угурлу 2 жылдан бери аны окутуп келет. Анын айтымында, Хамиде айланасындагыларга Куранды ушунчалык катуу сүйгөнүн көрсөтө алды.

“Хамиде бизди шыктандырат. Мен буга чейин Куранды бүткүл жан дүйнөсү менен сүйгөн, илимге берилген мындай адамды көргөн эмесмин. Өзүнүн мисалында бул жаш кыз Аллах Тааланын сөзүн үйрөнүп, жашоодо аны колдонууга эч нерсе кедерги боло албасын далилдеп берди”, -дейт окутуучусу.

Хамиде Өзбек түрдүү коомдук иш-чараларга активдүү катышат. Анын аяттарды окуганы, нашид айткандары жүздөгөн адамдардын жүрөгүнө жетет.

“Куранды жаттап бүткөнүм үчүн Аллах Таалага чексиз шүгүрлөрдү тынбай айтканга аракет кылам. Куран мен үчүн шам чырак, жол башчы жана менин сүйүүм”, – деп сөзүн жыйынтыктады жаш хафиза.

Маалымат булагы: muslim-info.com сайтынан которулду



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов