Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 14 май 2019

“Урматтуу Президент, бул катымды сизге жазып жатам. Мен сизди жакшы көрөм. Мен шарик алгым келет” (Чекирова Акылай); “Мен көптөн бери президент менен жолуккум келет. Эмнеге дегенде, мен ага суроо бергим келет” (Дүйшеева Деңизай); “Мен Сооронбай Жээнбеков менен жолуккум келет. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо мени аны менен жолуктургулачы” (Назира Дүйшеева); “Мен президент менен жолугуп, андан белек алгым келет” (Нийматова Нургүл).

Президент менен жолугууну өз кыялдарына айлантышкан бул кыздар - “Гүлзар” балдар үйүнүн тарбиялануучулары. Алар бул кыялдарынын Рамазан айында аткарылышына аруу балалык сезимдери менен чын жүрөктөн ишенишет.

null

“Умма” ислам журналы орозонун алдында “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” аттуу кайрымдуулук акциясын баштаган.

Биз атайын балдар үйүнө барып, аларга кат жаздырдык. Тарбиялануучулар Рамазан айында кайсы тилегинин орундалышын өзгөчө каалап жатканын жазуулары керек эле. Каттарды чогултуп, жан дүйнөсү таза балдардын каалоо-тилектерин окуганда, бир чети, көзүбүзгө жаш келсе, экинчи жагынан жүзүбүздө жылмаюу пайда болду.

Балдар үйүнүн эң кичинекей тарбиялануучулары куурчак, чач байлагыч, жарашыктуу кийим кааларын жазышса, чоңураактары велосипед, сабак окуганга ноутбук, чет тилдерин үйрөнүүгө китептерди, чөнтөк телефон алгылары келишерин, коомубуздагы белгилүү инсандар менен жолугууну самашарын жазышкан. Бала экенине карабай, “Мага эч нерсенин кереги жок, жалгыз бой апам карыздарынан кутулуп кетсе болду”, “Абакта отурган энемди бир көрсөм жетер эле” деген сыяктуу каттар бизди абдан таасирлентти.

Мындай миң түркүн каттардын ичинде өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугууну каалагандар да бар экен. Турмуштун оош-кыйышын кичинекей жүрөктөрү менен сезип жаткан балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын тилеги орундалып, Президент менен жолугуп калышса, бул Рамазан айы алар үчүн унутулгус болор беле. Эң башкысы, алар кыялдар орундаларына, ал үчүн болгону колдон келген аракетти жасоо керектигине ынанышып, чоң мотивация алышары шексиз.

Эл өкүлү, президентибиз Сооронбай Жээнбеков кичинекей мекендештерибиздин каалоолорун четке какпай, алар менен жолугуп, баштарынан сылап, өз кеп-кеңештери менен бөлүшөрүнөн үмүтүбүз чоң.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
12 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:49
Бешим
12:46
Аср
16:00
Шам
17:47
Куптан
19:02