Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 май 2019

Эртең, 17-майда, Ошто "Рамазан Чатырынын" салтанаттуу ачылышы болот. Азыркы тапта чатырды орнотуу аяктап, кооздоо иштери жүрүп жатат. Майрамдык ачылыш 20.00до Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында башталат.

null

Салтанаттуу ачылышка мэрия, шаардык кеңештен өкүлдөр, диний аалымдар, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер жардамга муктаж адамдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылды.

"Рамазан Чатырында" 16 күн бою, 17-майдан 1-июнга чейин, күн сайын 250 адамга ооз ачуу кечелери уюштурулуп, жалпысынан 4000 кишиге дасторкон жайылмакчы. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт.

null

Чатыр майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолот. “Рамазан Чатырынын” көркүн аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар ачат.

Аталган иш-чара Кыргызстанда аналогу жок, уникалдуу жана масштабдуу долбоор болуп, анын максаты Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу болуп эсептелет.

null

“Рамазан чатыры”, мындан тышкары, түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачуу иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. Жалпы коом тарабынан аталган долбоор өтө жылуу кабыл алынып, канчалаган адамдардын жүрөгүнө унутулгус элестерди калтырды”, - дейт “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова.

Кошумчалай кетсек, “Рамазан Чатыры” Бишкекте 3-ирет, ал эми Ошто 2-жолу өткөрүлүүдө.

null



Башка жаӊылыктар
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Намаз убактылары
19 октябрь 2019г.
Багымдат
5:46
Күндүн чыгуу
7:20
Бешим
12:47
Аср
16:30
Шам
18:17
Куптан
19:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов