Жакшылыкта жарышуу эстафетасынын 4-күнү меймандарга дасторкон жайуу Өзбек улуттук борборуна буйруду.
Достуктун дасторконуна ар кыл улуттун өкүлдөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз келди. Ооз ачуу кечесинде улуттар аралык достук, биримдик жана ынтымак тууралуу маанилүү сөздөр айтылды.
Бүгүн ошондой коноктордун бири 15 жылдан бери "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасында иштеген Жоробек мырза болду. Ал чатырга таанышы аркылуу угуп келген.
Көп улуттуу Ош шаары эмгекчил жана өжөр жашоочулары менен таң калтырат. 3 жогорку билимдин ээси, 4-5 тилде эркин сүйлөгөн, “Биз жашоодо биргебиз” кайрымдуулук фондунун жана “Бегайым лайф” өзбек-кыргыз маданий достугун чыңдоочу борбордун жетекчиси Асранкул Жээнкулов чатырга ардактуу мейман болуп чакырылган. Коомдун өнүгүшүнө, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого бүткүл күч - аракетин жумшап жүргөн Асранкул мырза бул жылы Рамазан чатырына демөөрчү болуп катышты.
Бул кыска өмүрдө ден соолук менен сыналган Асранкул мекендешибиз эч кабагым-кашым дебей бийик максаттарды коюп, ишенимдүү кадамдарды таштап жатканы алты саны аман адамдарды бир четинен суктантса, экинчи жагынан уялтат.
Ошентип, бул күнү Бабур атындагы драм театрдын аянтында орун алган Рамазан чатырында 250 мейман ооз ачып, руханий азык алып кетишти.
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
21 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
18 май 2023
13 май 2023
13 май 2023
14 апрель 2023
31 март 2023
17 январь 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022