Бир казан толо аш, бир казанга шорпо. Салат, жер-жемиштин түрлөрү. Бабур атындагы драм театрдын короосунда жайгашкан Рамазан чатырынын 7-күнү конокторду кабыл алууга даяр. Дасторконду болсо бул жолкусунда «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму даярдады.
Мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештер менен жардамга муктаж айымдар конок болуп чакырылды.
Тамак-аштар Рамазан чатырынын жанынан эле даярдалат. Буга бардык шарттар түзүлгөн.
Рамазан Чатырындагы ар бир аракет улуу айда Жараткандын ыраазычылыгын таап калуу. Кыргызстанда 15 жылга чукул убакыттан бери кайрымдуулук ишин жүргүзүп келе жаткан Хюман эпиил интернейшнал уюму бул долбоорго чоң кубаныч менен катышып жатканын айтышат.
Бул күнү рамазан чатырына бүткүл Кыргызстанды таң калтырган Асылбек кары Нуркамиль уулунун үй-бүлөсү да келди. Асылбек мырзанын тагдырына катарлаган сыноолор жазылган. Асылбек мырза өзү көзү азиз болуп төрөлгөн. Жубайы да ден соолугунан жабыркайт. Бул үй-бүлөнүн 2 кыз, 1 уулу болсо, алардын үчөө тең түрдүү дарт менен жабыркайт. Улуу кызынын сүйлөө дефекти болсо, 2-кызынын атасындай көзү көрбөйт. Эң аянычтуусу, кичинекей наристеси жүрөк кемтиги жана көзүндөгү чоң шишиктер менен жарык дүйнөгө келген. Асылбек мырза жашоосундагы бул оор сыноолорго карабастан оозунан “Кудайга шүгүр” деген сөзүн эч түшүрбөйт. Ал тургай Куранды толугу менен жаттап чыккан. Былтыр кичүү уулунун жүрөгүнө операция жасалып, учурда абалы жакшы экенинен кабардар болдук.
Рамазан Чатырынын ар бир күнү чоң сабак. Жүрөк ооруткан жүздөгөн тагдырлар коомубузда чечилиши керек болгон маселелердин өтө көп экендигинен кабар берет. Ал эми элибиздин чыдамкайлыгы менен сабырдуулугу, эмгекчилдиги менен тырышчаактыгы кайрадан чыйралтып, жаркын келечектен үмүттөндүрөт.















28 ноябрь 2019
19 ноябрь 2019
15 ноябрь 2019
13 ноябрь 2019
12 ноябрь 2019
7 ноябрь 2019
5 ноябрь 2019
1 ноябрь 2019
22 октябрь 2019
10 октябрь 2019
25 сентябрь 2019
24 сентябрь 2019
18 сентябрь 2019
30 август 2019
21 август 2019
19 август 2019
25 июль 2019
22 июль 2019