Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 30 май 2019

Ордолуу Ош шаарында Бабур атындагыдрам театрда 17-май күнү ачылган “Рамазан чатыры” көз ачып-жумганча биринчи жумасын жыйынтыктап бара жатат. Береке, ынтымак, кайрымдуулук жана берешендиктин чатырында 8-күнү Ош шаарынын спорттук комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев дасторкон жайды.

null
Ош шаарынын Спорттук комитетинин өкүлү Фарух Сыдыков

Бул күнү эшикте тыпылдап жааган жамгыр Ош шаарына салкындыкты алып келди. Рамазан Чатырындагы ыктыярчылар адаттагыдай ишке баш оту менен кирип, кызмат кылып жатышты.

250 адамга жайылган ооз ачуу кечесинде түрдүү конкурстар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө “Аалымдар кеңешинин” мүчөсү, профессор Кадыр ажы Маликовдун калемине таандык китептер, Кыргызстандагы алгачкы “Умма” журналынын акыркы саны жана “Акбуура” үй-бүлөлүк эс алуучу борборунан сертификаттар берилди.

Белгилей кетсек, Ошто быйыл 2-ирет өткөрүлүп жаткан Рамазан Чатырына Ош шаардык мэриясы жана Бабур атындагы драм театры колдоо көрсөтүүдө.

16 күн бою кызмат кылчу кайрымдуулук чатырында күн сайын 300гө чукул мейманга ооз ачуу кечеси уюштурулуп, жалпысынан 4000ден ашуун адамга дасторкон жайылмакчы.

Рамазан айы баарыбызга берекелүү болуп, орозо кармагандардын амалдары кабыл болсун.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов