Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 4 июнь 2019

7-июнда Бишкектин так борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт. Иш-чаранын программасында көргөзмө, жарманке, кызыктуу конкурстар жана викториналар бар. Кирүү акысыз.

null

Бишкекте алгач ирет ыйык Орозо айт майрамынын келишине арналып чоң программадагы иш-чара өтөт.

Бул күнү борбор калаанын тургундары жана меймандарына төмөндөгүдөй кызыктуу программа даярдалууда: мусулман элдеринин маданиятынын фестивалы, белектер жана аксессуарлар жарманкеси, балдарга жана чоңдорго арналган интерактивдүү зоналар, спорттук таймаштар, өнөктөштөрдөн белектерди ойнотуу, конкурстар, Турдакун Ниязалиевдин аткаруусундагы нашиддер, чыгыш барабандарында кол ойнотуу, каллиграфия, леттеринг, таттуулардан гүлдесте жасоо боюнча акысыз мастер-класстар, мехенди, даамдуу фудзона жана креативдүү фото – зоналар.

null

Бул иш-чара коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы - максаты шаар элине позитивдүү жана майрамдык маанай тартуулоо. Баардык каалоочуларга кирүү акысыз.

Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар ортосунда диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук мамилелеринин чыңдалышына, маданият алмашууга, коомдо тынчтык жана өз ара түшүнүшүүгө мыкты аянтча болуп саналат.

null

“Орозо айт маарек болсун” иш-чарасы “Умма” ислам журналы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы жана Биринчи май акимиатынын колдоосу менен уюштурулууда.

Иш-чара 7-июнь күнү саат 14:00дон 21:00го чейин Чынгыз Айтматов атындагы эс алуу багында өтөт. (Болжолдуу: Курманжан Датка эстелиги, Ала-Тоо кинотеатрынын арты)

Байланыш номерлери: 0770 99 00 18, 0777 37 43 53.

null



Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
14 октябрь 2019г.
Багымдат
5:40
Күндүн чыгуу
7:14
Бешим
12:48
Аср
16:37
Шам
18:25
Куптан
19:56