Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 июнь 2019

"Кыргызстанда тигилген кийимдер "чики, чики" экен" (сонун экен) деп казахстандыктар соода кылууга Бишкекке келишер эле. Сапаты, ыңгайлуулугу жана жарашыктуулугуна баа беришип, россиялыктар Кыргызстанда тигилген кийимдерди жогору баалашат. Кыргызстанда тигилип, “Chiki” брендинен деп таанылган кийим-кечелер эл аралык рынокто өзүнүн татыктуу ордун таап келе жатат.

%article_title%

Аталган бренддин негиздөөчүсү, ишкер айым Чынара Мамажакыпова 20 жылдан бери жеңил өнөр жай тармагында сапаттуу продукция менен Кыргызстанды чет жерде жакшы тарабынан таанытып, экономикасына да салым кошуп, жүздөгөн жумуш орундарын түзүп келе жатат. Өзүнүн да аты Чынара болуп, элдер мактап айткан “чики” деген сөзгө уйкашкандыктан ал 10 жыл мурун бренддин атын көп ойлонбостон “Chiki” деп атаган.

Тигүүчүлүк тармагында бир катар ийгиликтерге жетише алган Чынара Мамажакыпова муну менен эле токтоп калбай, изденүү, тынымсыз эмгектенүү жолунда дагы бир тепкичке көтөрүлдү.

Кечээ, 12-июнда, Чынара айымдын " Chiki" деп аталган мода үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болду.

%article_title%

Ишкерчилик менен социалдык активдүүлүк жана кайрымдуулукту айкалыштырган Чынара айым:

"Бул мода үйүн мен бишкектиктерге белек кылып арнагым келет", - дейт.

Аталган мода үйү жарашыгы менен ыңгайлуулугу, сапаты менен баасын айкалыштырып, айымдардын көңүлүндөгүдөй кийим-кечелерди тигүү жана муну менен катар кайрымдуулук иштеринде да активдүү болууну максат кылат.

Ачылыш аземге Чынара айымды колдоп келген санаалаштары, журналисттер жана "Умма" ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова катышты. Мода үйүнүн кызыл лентасын кесүүнү Чынара айым Элиана-Марьям Сатаровага тапшырды.

%article_title%

“Chiki” бренди “Умма” журналы уюштуруп жүргөн бир катар кайрымдуулук иштерине жигердүү колдоо көрсөтүп, тыгыз иштешип келет.

Эмгекчил, тырышчаак, боорукер жана назик кыргыз аялзатынын мыкты үлгүсү болгон Чынара Мамажакыпова колунан келишинче көбүрөөк адамга жардам берип, жүрөктөргө жылуулук тартуулоону каалайт. Мунун баарын ал Аллахтын ыраазычылыгына жана эмгеги опол тоодой алтын арасына арнайт.

%article_title%

Жаңы ачылган мода үйүн аралай басып, мыкты табит менен тигилген күнүмдүк жашоодо кийилчү кийимдерден тарта кече көйнөктөрүнүн түрлөрүнө чейин, көз жоосун алган аксессуарларды көрүүгө болот. Өзүнчө орун ар кандай татаалдыктагы кооз жоолук, тюрбандарга арналганын байкадык.

Чынара айым аялзаты төбөсүн жаап жоолук салынып жүргөнү жакшы, ден соолукка да пайдалуу деп эсептейт.

“Жоолук жарашпайт, салына албайм, жүдөйм” деген эже-сиңдилерибиз көп. Айымдарыбызга жеңил болсун деп даяр тюрбан, жоолуктарга да басым жасадык”, - дейт ал.

%article_title%

Маегинин соңунда Чынара Мамажакыпова Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы тууралуу буларга токтолду:

"20 жыл мурда тигүү тармагында тажрыйбалуу адистер аз эле. Азыр күндөн-күнгө билим алып, бул тармакты өнүктүрүүгө аракеттенгендер көбөйүүдө. Учурда ата-мекендик көрүнүктүү дизайнерлер тигип жаткан кийим-кечелер сапаты жагынан Италия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, бирок кем калышпайт. Жыл өткөн сайын Кыргызстанда бул тармак динамикалуу өнүгүп келе жатат”, - деди.

Эми “Chiki” мода үйү бишкектик айымдарды эксклюзивдүү кийим- кече, аксессуарлар менен кубандырмакчы.

Дареги: Чыгыш – 5 району, Мамбетов көчөсү 6/4.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Намаз убактылары
17 февраль 2020г.
Багымдат
06:22
Күндүн чыгуу
07:57
Бешим
13:16
Аср
16:51
Шам
18:40
Куптан
19:55
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов