Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 28 июнь 2019

“Дүйнөдө адал индустриясы өтө тездик менен өнүгүүдө. Мусулман эмес өлкөлөр да бул тармакка көңүл бурушуп, анын өнүгүшүнө шарт түзүүгө аракеттенишүүдө”, - дейт адал-индустрия жаатында таанылган окумуштуу, эл аралык эксперт Мухаммад Ибрагим Эсса.

Ал 27-июнда өткөн “Halal life style келечеги жана чакырыктары” (Адал жашоо образы), “Ислам принциптеринде каржылоонун келечеги жана чакырыктары” аттуу семинарга башкы конок катары атайын чакырылган.

Аталган семинар Кыргызстандын Экономика министрлигинин чоң залында өтүп, ал министрликтин Халал индустрия бөлүмү жана “Эл аралык Өнөктөш экономика жана финансы Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Семинарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, ишкерлер, коомдук уюмдар катышты.

Адал индустриясы, ислам банкинги темаларында баяндамасы менен чыккан башкы конок Мухаммад Ибрагим Эсса келгендерге өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал азыркы учурда “Синд Банк”, “Хабиб Метрополиан Банк”, “Equitable Financial Solutions Australia”, Кытай бизнес-борбору (CBH, Дубай), шариат көзөмөл боюнча комитеттин мүчөсү - Галф Адал-Борбору (БАЭ) жана башка уюмдардын Шариат кеңешинин Ардактуу мүчөсү болуп саналат.

null

Мухаммад Ибрагим Эсса мырзанын айтымында, адал индустриясынын жакшы темп менен өнүгүп жатканына карабастан, учурда мусулмандарды ойлондура турган бир катар чоң маселелер да бар.

“Биз азыктанып, колдонуп жаткан продукцияларга синтетика, жаныбарлардын денесинен алынган заттар көп кошулат. Маселен, тамак-аш, ар кандай таттуулар, жемиштердин түсүн өзгөртүү үчүн курт-кумурскалардын каны пайдаланылат. Мындай продукциялар Е120 деген курам менен белгиленет. Ал эми динибизде курт-кумурскалардын баары арам болуп эсептелинет. Андыктан, мусулмандар тамак-аш, дары-дармек, косметикалык каражаттарды сатып алууда алардын курамына өзгөчө көңүл бурушу керек. Ал үчүн коомго “адал” деген түшүнүктү жакшылап жеткиришибиз зарыл. Адал бул тамак-ашка эле тиешелүү эмес, адал түшүнүгү медицина, косметикалык каражаттар, туризм, экономика сыяктуу бир катар тармактар менен да тыгыз байланышта экенин унутпайлы”, - деди Мухаммад Ибрагим Эсса.

Белгилей кетсек, Экономика министрлиги бул иш-чараларды 2017-2020-жылдарда “КР адал-индустриясын өнүктүрүү Концепциясын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу иретинде, калк арасында “адал” түшүнүгү жөнүндө билим берүү-агартуу жана адал-индустрия жаатында адистерди окутуу иштеринин алкагында уюштурууда.

Аталган министрликтин адал индустриясы тармагынын адиси Нургазы Кадышов адал-индустриясы Кыргызстанга кошумча инвестицияларды тартууга жана чет өлкөлөргө продукцияларды экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү, экономиканын өнүгүүсүнө мындан ары түрткү берүүчү кошумча атаандаш индустрия катары караларын айтты. Ал, ошондой эле, Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, адал түшүнүгүн жалпы журтка кеңири жана түшүнүктүү кылып жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Намаз убактылары
25 август 2019г.
Багымдат
4:36
Күндүн чыгуу
6:19
Бешим
13:04
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:22
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов