Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Насаат Медиа / Жарыяланды: 8 июль 2019

Кыргызстанда тоонун кырында жайгашкан 7 кырдуу, жанында булак суусу шырылдап аккан өзгөчө мечиттин курулушу аяктады. Бул ибадат жайы Боом капчыгайынын боюнда курулуп, 40 кишиге ылайыкталган. Мечитти белгилүү укук коргоочу, юрист Акин Токталиев жоро-жолдоштору менен биргеликте 2 жылдын ичинде салып бүтүрдү.

null

Мечит жайгашкан Боом капчыгайындагы жер - Акин Токталиевдин өздүк менчиги. Ал 7 жыл мурун дал ушул жерге мечит курууну пландап, демөөрчү издеп баштаган.

“7 жыл бою мечит курууга каражат издедим. 7-жылы гана бир аз каражат пайда болуп, акырындап ишти баштадык. Дал ушул себептен мечитти 7 кырдуу кылдык. Мындай архитектурадагы ибадат жайы Кыргызстанда алгачкылардан болуп саналат. Курулуш иштеринде жоро-жолдошторум колдоо көрсөттү. Короосун салып баштаганда да жардам берүүнү каалагандар өзүнөн – өзү табыла баштады. Аллах Таалам ишибизди жеңилдетип берди”,- деди Акин мырза.

null

Мечиттин ачылышы 29-июнда болуп, ага Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган диний аалымдар, аксакалдар жана бардык каалоочулар катышты.

null

Акин Токталиев:

“Мечитти “Аллахтын үйү” деп атадык. Бул жакшы иште бир топ адамдардын эмгеги, салымы бар. Баардыгынан Аллах ыраазы болсун”, - дейт Акин мырза.

Эми Боом капчыгайынан өтүп бараткан жүргүнчүлөргө мечитке кирип, булак суусу менен даарат алып, Жаратканга ибадат кылып чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мечиттин ичинде аялдарга арналып коюлган узун көйнөк жана жоолуктар да бар.

null

Кокус кимдир-бирөө жолдо кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылып калса, убактылуу дал ушул мечитке кирип баш калкалай турууга да уруксат берилет.

null

“Чай, кумшекер, отун-суусун даярдап, колдон келген мүмкүнчүлүктү түзүп койдук”, - дейт Акин Токталиев.

Акин мырза мечит куруу чечимин Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жана бийлик башындагыларга үлгү болоюн деген ниет менен кабыл алганын айтты.

“Ар бир адам өлкөсүнө колунан келген салымын кошуш керек. Бул жерге көбү дача, тамактанчу жер сыяктуу жайларды курууну сунушташты. Бирок мен башынан эле бул жерде мечит турушу керек деген ойго келгем. Аллах Тааланын жардамы менен курулуш иши аяктап, ачылышы болгондо “чын эле иш бүттүбү?” деп өзүмө өзүм ишене албай турдум. Мойнумдан чоң жүк түшкөндөй өзүмдү жеңил сезип калдым”, -деп сөзүн жыйынтыктады Акин Токталиев.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Түркия Рамазанда 3 миллиондон ашык адамга гуманитардык жардам көрсөтөт
7 май 2019
Катарда Рамазандын урматына 500дөн ашык товардын баасы арзандайт
6 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27