Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 9 июль 2019

Демилгелүү кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты. Илим, технологиянын жетишкендиктерине ылайык даярдалган 4D форматындагы бул китепче туура даарат алып, намаз окууну жеңил түшүндүрүп, иш жүзүндө кандай аткарыларын үйрөтөт. Бул тууралуу «Умма» журналына аталган китептин редактору жана дизайнери, “Бир” коомдук фондунун мүдүрү Самат Сулайманов билдирди.

null

4D Намаз китебинде эркек менен аялдардын ханафий мазхабы боюнча даарат алуу жана намаз окуу тартиптеринин кантип аткарылары голлограмдык окуу үлгүсүндө көрсөтүлгөн.

Кантип колдонулат?

4D намаз китебин сатып алган соң чөнтөк телефондон Play Market же App Store платформалары аркылуу Namaz 4D тиркемесин жүктөп аласыз. Андан соң китептин ичиндеги 5 маал намаздын ар бирине арналган сүрөттөргө телефондун экранын жакындатсаңыз намаз окуган баланын же кыздын голлограмдык үлгүсү пайда болот. Ал аркылуу сиз Куран аяттарын туура айтуу, кыймылдарды туура аткарууну так жана даана угуп, көрө аласыз.

Кыргыз-казак жигиттеринин биргелешкен мындай табылгасы бир топ адамдарга намаз үйрөнүүдө чоң жардамчы болору шексиз. Азырынча китепче 2 тилде (кыргыз жана казак), ал эми тиркеме 3 тилде (кыргыз, казак, орус) тилдеринде даярдалып, сатыкка чыкты. Жакын арада китепченин орусча варинаты да даяр болот.

4D Намаз китеби Казахстанда 1 жылдай мурун сатыкка чыккан. Ал эми Кыргызстанда китеп 3 күн мурун гана басылып, сатыкка коюлду.

“Биз тиркеме даяр болгондо эле дароо китепчени чыгара алган жокбуз. Анткени ортодо каражат маселеси турду. Демөөрчү издөөгө аракеттендик. Бирок көбү бул идеянын ишке ашышына көздөрү жеткен жок. Акырында өзүбүз бир айласын таап, чыгара берели дедик. Ошентип командабыздагы бир баланын машинесин саттык”, - дейт маектешибиз Самат Сулайманов.

null

Самат мырзанын айтымында, алардын идеясы ишке ашкан соң, алгач тууган-тушкан, жоро-жолдошторуна көрсөтүп көрүшкөн. Ошентип, маалымат Whatsapp аркылуу бир топ колдонуучуга тарап, чет өлкөлүк мекендештерден да китеп сатып алуу боюнча сунуштар түшө баштаган.

“Азыркы учурда Бизге Россия, Казахстан, Чеченстан, Кореядан бери жазып жатышат. Азырынча биз китепти 3000 нуска менен чыгардык. Бирок бул жетпейт го, андыктан дагы көбөйтүшүбүз керек”, - дейт Самат мырза.

null

Учурда 4D Намаз китеби эски борбордук мечит, КГУСТА, 7-апрель жана Дорбой базарындагы мечиттердин айланасында сатылууда. Баасы – 350 сом.

Китепче Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан тастыкталган.

Кошумчалай кетсек, бул китепче жаңы түзүлүп жаткан “Бир” коомдук фондунун алгачкы эмгектеринен болуп саналат. Жаштардан түзүлгөн бул фонд келечекте билим берүү жаатында бир топ алгылыктуу иштерди жасоону пландашууда.



Башка жаӊылыктар
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Намаз убактылары
26 май 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:33
Куптан
22:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов