Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 23 июль 2019

Египетте 21-июнда башталган Африка улуттарынын Кубогу 19-июлда жыйынтыкталып, финалдык беттешке чыккан “Сенегал – Алжир” улуттук командалары таймашышты. Биринчиликке Алжир улуттук командасы 1:0 эсебинде суурулуп чыкты. Жалгыз голдун автору чабуулчу Багдад Бунеджа болду.

Египеттин борборунда 74 миң көрүүчү бата турган Эл аралык стадиондо жеңишке жетишкен Алжир улуттук командасынын оюнчулары сүйүнүчтөн Аллах Таалага ыраазычылык билдиришип, сажда кылышты.

null
Алжирдин улуттук курама командасы

Футболчулардын оюн талаасына Жаратканына ыраазычылык билдириши көп эле жолу камерага түшүп калат. Белгилей кетсек, футболчулар оюндун натыйжасы бир гана Аллахтан көз каранды экенин айтышат.

Мисалы, Германиянын улуттук командасынын оюнчусу Месут Озил ар дайым беттештин алдында дуа кылат. Бул тууралуу ал өзүнүн “Оюндун магиясы аттуу” афтобиографиялык китебинде жазган.

“Оюн мына башталайын дегенде мен ар дайым Аллах Тааладан жардам сурап, дуа кылам. Бул мен үчүн өзүмдүн адатыма, салтыма айланды. Кичинекей чагымда ата-энем үйрөткөн дуаны айтып, Жаратканга жалбарам. Бул дуаны мен оюн алдында эле эмес эртең менен, тамактын алдында да айтып жүрөм”,-дейт ал.

null
Германиянын улуттук командасынын оюнчусу Месут Озил ар дайым беттештин алдында дуа кылат

Египеттик футболчу Мохамед Салахтын ар дайым өзү киргизген голдон кийин Аллахка ыраазычылык билдирип, сажда кылмай адаты бар.

null
Египеттик футболчу Мохамед Салах

Сауд Аравиясынын курама командасы да жеңиштен соң сажда кылып, Аллах Таалага болгон чексиз ыраазычылыгын билдиришүүдө.

null
Сауд Аравиясынын курама командасы

2018-жылда өткөн дүйнөлүк футбол чемпионатында Тунис курама командасы Англия менен беттешкен. Оюндун башында Англиянын командасы лидерлик көрсөтүп жаткан. Оюндун соңунда эсепти Тунис пенальти менен теңей алган. Дал ушул ийгиликтүү пенальтини футболчу Сасси таамай аткарган соң саждага жыгылган.

null
Тунис курама командасысынын оюнчусу Сасси

Сириянын улуттук курама командасы тандоо турунда Иран менен болгон оюндан соң баардыгы биргеликте саждага жыгылып, күйөрмандарды таң калтырышты.

null
Сириянын улуттук курама командасы

Сенегалдык чабуулчу Демба Ба да киргизген голдон соң сажда кылып ыраазычылык билдирет. Ал диний үй-бүлөдө чоңойгон. Өзүнүн берген маектеринде ал бир канча ирет: “Ишеним менин жашоомдо өтө чоң ролду ойнойт”, -деп айткан.

null
Сенегалдык чабуулчу Демба Ба

2006-жылы исламды кабыл алганын жарыялаган франциялык футболчу Анри Тьерри киргизген голдон соң саждага башын коет.

null
франциялык футболчу Анри Тьерри

Кыздуу болгон соң исламды кабыл алып, өзүнө “Биляль” деген ысымды алган франциялык футболчу Франк Рибери ар бир беттешин дуа менен баштарын айткан.

null
франциялык футболчу Франк Рибери



Башка жаӊылыктар
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 октябрь 2019г.
Багымдат
5:46
Күндүн чыгуу
7:20
Бешим
12:47
Аср
16:30
Шам
18:17
Куптан
19:48