Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 21 август 2019

Азык-түлүк салынган баштыкты көтөрүп алып, шаардын ичиндеги кичинекей жепирейген үйгө кирдик. Бизди эшиктен буттары шишиген, тамга араң таянып баскан карыган апа тосуп алды. “Надя апа, сизге азык-түлүк алып келдик? Кандайсыз?” деп учурашышты ыктыярчылар. Бизди көрүп эле улгайган эне жашып кетти. “Сиздин ал-ахыбалыңызды билүү үчүн атайын Түркиядан кыздар келишти. Кандай жаңылыктарыңыз бар?” деп ыктыярчы түрк кыздарын апага тааныштырды.

null

Бизди кубануу менен тосуп алган апа менен бир топко чейин маектештик. Күндөн күнгө көрүүсүн жоготуп бара жаткан, араң кыймылдаган апа бул үйдө жапжалгыз жашайт экен.

“Балдарым таштап кетти, ушинтип бир күн кечке, 24 саат бою үйдө жалгыз отурам. Эшикке чыгып, элге аралашканга чама-чаркым жок”, -деди апа.

Бул улгайган адамдын акыбалын көрүп, ал-абалын суроого келген биз өзүбүздү араң кармап турдук. Ыйлагыбыз келди. Ооба, ага азык-түлүктөн дагы жанында кобурашып отурган адам, көңүл, мээримдүү мамиле жетпей турганын түшүндүк.

Апа менен өткөргөн 15 мүнөт бизди көп нерсеге тарбиялап койду. Өлкөбүздө, дегеле дүйнө жүзүндө жардам колубузга, жакшы мамилебизге муктаж канчалаган адамдар бар деген ой түйшөлттү.

Кыргызстанга алгач ирет келген,келгенине 5 гана күн болгон түркиялык кыздар Надя апаны өз энесиндей бекем кучакташып, бетинен сүйүп, анын жалгыз эмес экенин билгизгилери келишти. Надя апа түркчө түшүнбөйт, кыздар болсо орусча билбейт. Бирок бири-бирине жылмайып караган мээримдүү көздөр сөзү жок эле көп нерсени түшүндүрүп турду.

null

Үстүбүздөгү жылдын июль айында “TIKA” түрк кызматташтык жана координация агенттиги Бишкекте “Кайрымдуулук жаатында тажрыйба алмашуу” аттуу иш-чара өткөрдү. Программанын алкагында Түркиянын ар кыл шаарларынын 15 студент кыз Бишкекке келип, кайрымдуулук фонддорунда иш алып барган кыргызстандык ыктыярчылар менен биргеликте бир катар кайрымдуулук иш-чараларын уюштурушту.

Биргеликте балдар үйү, карылар үйү жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө барышып, аларга гуманитардык жардам берип, балдар менен ойноп, карыялар менен сүйлөшүп отурушуп, колдорунан келишинче алардын көңүлүн көтөргөнгө аракеттеништи.

“TIKA” уюмунун өкүлү Жана Алпаслан жаштарды кайрымдуулукка аралаштыруу жана бул жаатта тажрыйба алмашууга багытталган мындай иш-чара 3 жылдан бери уюштурулуп келе жатканын айтты. Бул жылы 30 дан ашуун өлкөдө түркиянын студенттери кайрымдуулук жаатында тажрыйба алмашууга катышып жатканын баса белгиледи.

Түркиянын Орду университетинин студенти Дуйгу Коркмаз мамлекеттик жатаканада жатып окуурун айтат. Окуу жайында тажрыйба алмашуу иш-чарасы тууралуу уккандан кийин катышып көрүүнү чечип, арыз таштайт. Ошентип, ал алгач ирет Кыргызстанга мына ушундай программа менен келип отурганын баяндады.

“Бул жердеги жаш ыктыярчылар бизди аябай жылуу тосуп алышты. Меймандостугуңарга суктандык. Өзүмдү бөтөн жерде жүргөндөй сезбедим. Кыргызстандык досторубуз менен биргеликте бир катар балдар үйүнө, карылар үйүнө, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана ден соолугунан жапа чеккен балдарга зыяратка бардык. Ал жакта балдар менен ойноп, аларга оюнчуктарды таратып, короо-жайын ирээтке келтирүү иштеринде жардам бердик. Мен ата-энесиз тарбияланып жаткан балдар мынчалык көп экенин билген эмесмин. Бул иш-чарадан соң кайрымдуулук иштерине өмүр бою байма-бай катышып турууну чечтим. Чет өлкөдө мындай акцияларга катышкан өзгөчө сезимдерди тартуулады” , - дейт Дуйгу Коркмаз.

null

Кыргызстандагы “Инсандык жардам” коомдук, кайрымдуулук фондунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Сабина Турдалиева 1 жумага созулган эки өлкө ортосундагы “Тажрыйба алмашуу” иш-чарасы жемиштүү болгонун баса белгиледи.

“Биринчиден, эки өлкөнүн жаштарынын кайрымдуулук ишинде баштары биригип, чогуу иш алып барышы мыкты көрүнүш. Мага түрк элинин жаштарына берген тарбиясы аябай жагат. Өзгөчө кайрымдуулук иштеринде. Алар балдарын кичинекей кезинен тарта башкаларга жардам берүүгө үйрөтүшөт. Мына бул иш-чара да жаштардын өз өлкөлөрүндөгү гана эмес чет жактагы да кыйын кырдаалда жашаган адамдардын ал-акыбалын көрүп, элге кызмат кылган жаштардан болуусуна түрткү берген тарбиялык маанини камтыды”, -дейт Сабина айым.

Белгилей кетсек, бул жылы мындай “Кайрымдуулук ишиндеги тажрыйба алмашуу” иш-чарасы 30 дан ашык өлкөдө орун алды.

1 / 10



Башка жаӊылыктар
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
12 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:49
Бешим
12:46
Аср
16:00
Шам
17:47
Куптан
19:02