Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 23 август 2019

Кытайда билим алып жаткан кыргыз жаштары өз стипендия, айлыктарынан чыгарып, топтошуп, 1000 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын элдик китепканага китеп сатып алуу үчүн Кыргызтандагы жаш активисттерге салып жиберишти. Бул тууралуу коомдук активист Табылды Муратбеков билдирди.

null

“Учурда жаштардын демилгеси менен масштабдуу “Бир адамдан-бир китеп” долбоору иштеп жатат. Каалоочулар өздүк китепканасынан элдик китепканага 1 же андан көп китебин белек кылат. Ушундай жол менен биз алыскы аймактардагы китеп жетишсиздиги көйгөйүн чечкибиз келет. Бул иш-чара тууралуу Кытайда билим алып жаткан мекендештерибиз да кабардар болушуп өз салымын кошууну каалашты. Алар ушул жылдын май айында бизге 1000 доллар өлчөмүндөгү сумманы китеп сатып алуу үчүн салып жиберишкен”, - деди Табылды Муратбеков.

null

Кытайдагы студенттердин башын бириктирип, акча каражатын чогултуу ишин көзөмөлдөгөн Мурат Рахманов буларды айтып берди:

“Кудайга шүгүр, бул жактагы мекендештер менен ынтымагыбыз бекем. Биримдигибизди күчтөндүрүү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Чет жерде жүрсөң мекендин баркын жакшы түшүнөт экенсиң. Китеп окуган киши өсөт. Кыргызстаныбызда китеп сүйүүчүлөрү көбөйсө мекенибиздин өнүгөрү да алыс эмес деген ниетте бул долбоорго катышкыбыз келди. Ар кимибиз бирден китеп берсек, Кытайдан жүктөп кеткенге кыйын болот экен. Ошон үчүн акчалай түрдө салып жиберүүнү чечтик. 15 күндүн ичинде каражат чогулуп бүттү”, - деди ал.

Ошентип, Кытайда билим алган кыргыз студенттеринин демилгесинин аркасында алыскы Баткенде, чек арада жайгашкан айылда дагы бир китепкана ачылды. 15-августта борбордук аянтта китептерди тапшыруу салтанаты өтүп, ага Кытайдагы студенттер, жаштар жана көрүнүктүү ишмерлер катышты.

Бул иш ушуну менен эле токтоп калбасын деген максатта Кытайдагы кыргыз студенттери эстафетаны Америка Кошмо Штаттарында жашаган мекендештерге узатышты.

Белгилей кетсек, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрү - Бакай Акылбек уулу менен Эрлан Смайыл уулу.

1 / 3



Башка жаӊылыктар
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
9 август 2020г.
Багымдат
4:10
Күндүн чыгуу
6:02
Бешим
13:07
Аср
18:07
Шам
20:17
Куптан
21:43