Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Асан Мамит уулу / Жарыяланды: 30 август 2019

Бишкек шаарында жаштардын демилгеси менен жүрүп жаткан “Китепкөй Ала-Тоо” акциясы эми Россиянын борборун да кучагына алды. Москвада окуп, иштеп жүргөн мекендештер жумасына 1 жолудан Чыңгыз Айматов атындагы эс алуу багында жолугуп, китеп окумай болушту.

null

Кыргызстанда башталган китеп окуу акциясын Москвада өткөрүүнү демилгелеген Асан Мамит уулу буларга токтолду:

“Мекенибизден алыс жүргөндүктөн күндө Кыргызстанда кандай жаңылыктар болуп жатканын карап турабыз. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча жүрүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” жана “Китепкөй Ала-Тоо” акциясы тууралуу укканыбыздан кийин бул жерде да уюштуруу идеясы келди. Оюмду жакын санаалаштарыма айтсам алар колдошту. Өткөрүлчү жер катары биздин улуу жазуучубуздун атынан коюлган эс алуу багын тандадык. Бул иш-чара бир жагынан китеп окууга болгон сүйүүнү жайылтып, жан дүйнөнү азыктандырса, экинчи жагынан чет жерде жүргөн мекендештердин ынтымагын бекемдейт”, - деген ойлорун айтты Асан Мамит уулу.

Асан мырза айткандай, акциянын алгачкы күнү эс алуу багына 10 дон ашуун адам келсе, 2-күнү алардын саны 30га жеткен.

“Биздин акцияга 3 кызын жетелеген мекендешибиз келди. Ал: “Кыздарым орус тилдүү болуп кетти. Эми бул жерге келип, кыргыз тилиндеги китептерди окуп турсун”,-деп сүйүнүп кетти”, - дейт Асан Мамит уулу.

Москвадагы мекендештер китеп окуу акциясын ар жума сайын үзгүлтүксүз өткөрүп турууга макулдашышты. Ар жолку акцияда мейман чакырып, пайдалуу темалардын алкагында маек куруу да каралган.

null

Белгилей кетсек, “Китепкөй Ала-Тоо” акциясынын Москвада уланышына аталган иш-чаранын негиздөөчүлөрү кубанышып, колдон келген жардам берип турарын белгилешкен. Эскерте кетсек, “Бир адамдан бир китеп” жана “Китепкөй Ала-Тоо” долбоорунун негиздөөчүлөрү – Бакай Акылбек уулу, Эрлан Смайыл уулу жана Табылды Муратбеков.

1 / 13



Башка жаӊылыктар
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33