Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 19 сентябрь 2019

Москвада 15-сентябрда кыргызстандык кыз-келиндердин башын бириктирген “Айымдар KG” коомдук бирикмесинин кеңсесинин расмий ачылышы болду. Аталган коомдук бирикме чет жерде билим алып жана иштеп жүргөн мигрант айымдардын ынтымагын бекемдөө, алардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө шарт түзүү жана миграциялык суроолор боюнча кабардар кылып туруу максаттарын көздөйт.

null

4 жылдан бери активдүү иш алып барып келе жаткан “Айымдар KG” коомдук бирикмесинин жетекчиси Шахризада Аданова эми бул кеңседе жума сайын пайдалуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турарын маалымдады.

Салтанаттуу ачылышка ардактуу конок катары чакырылган айым, “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова аталган бирикменин атайын кеңсесинин ачылышын өтө актуалдуу жана дал өз убагында деп баса белгиледи.

null

“Мен бул жерди ар бир аялзаты моралдык-психологиялык колдоо таба ала турган жана көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөнө турчу жер дээр элем. Кеңсенин ачылышына конок катары чакырылып, мигрант эже-сиңдилер менен жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Чындыгында, Москвада айымдар тынбай эмгектенишет экен. Чарчашат. Мекенин, үй-бүлөсүн сагынып, куса болушат. Андыктан, аларга моралдык жактан колдоо керек, жан дүйнө темаларындагы сөздөргө суусашат. Эми ар жума сайын бул жерде адеп-ахлак, өзүн-өзү өнүктүрүү, бала-тарбиялоо, үй-бүлөлүк маселелерге арналган тренингдер, мастер-класстардын өткөрүлүп турары кандай сонун жаңылык”,-дейт Элиана-Марьям Сатарова.

Кошумчалай кетчү нерсе, кеңседе кыргызстандык айымдардын колунан тигилген кийимдер, улуттук кийим-кечелер, аксессуарлар жана төшөктөр сатылат.

“Айымдар KG” коомдук бирикмеси мекенден узакта жүргөн кыз-келиндерге моралдык жактан эле колдоо көрсөтпөстөн, бизнес жүргүзүү жаатында да колдон келген жардамын аябайт.

Чет жерде Кыргызстанды, кыргыз элин жана маданиятын таанытуу боюнча иш-чаралар мындан ары да бирикме тарабынан байма-бай уюштурула бермекчи. Шахризада айым кабарлагандай, кийинки иш-чара ушул жуманын аягында кыргыз тил күнүнө арналат.

Белгилей кетсек, учурда “Айымдар KG” коомдук бирикмесине 200дөн ашуун кыз-келин мүчө.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
14 декабрь 2019г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов