Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 24 сентябрь 2019

Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган дүйнөдөгү биринчи фитнес тиркемени (фитнес приложение) түзүп чыгышты. Тиркеменин аталышы – FitJab. Бул тууралуу негиздөөчүлөр Эрик менен Никита кабарлашты.

Эми ислам шариатынын талабына ылайык денесин жаап, жоолук салынып жүргөн кыздарга спорт менен алектенүүгө жакшы шарттар түзүлөт.

null

Анткени FitJab тиркемесиндеги бардык видео инструкциялар халал стандарттарынын негизинде иштелип чыккан. Тиркемеге азыркы тапта эл аралык сертификат алууга кадамдар жасалып, расмий түрдө дүйнөдөгү алгачкы адал фитнес тиркеме болууга аракеттер көрүлүүдө.

FitJab тиркемесиндеги бардык программалар профессионал фитнес инструкторлор тарабынан иштелип чыкты. Алар - Кыргызстандагы бодифитнес боюнча жарыштардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү Шах-Санам менен Дарья.

“Биз аларга өзүлөрүнүн тажрыйбаларынын негизинде үй шартында машыктыруучусу жок эле жана кошумча спорттук шаймандарсыз эффективдүү көнүгүүлөрдүн тизмелерин түзүп берүүлөрүн өтүндүк. Азыркы тапта тиркемеде биздин аудиориянын башкы максаттарына туура келген 40тан ашуун программа бар. Мисалы, салмакты азайтуу, пресс, кол, буттарга арналган көнүгүүлөр. Ар бир колдонуучу өзүнүн физикалык даярдыгына карай программаларды татаалдыгына жараша тандап алса болот. Көнүгүүлөрдүн баары жыйынтык көрсөтүүгө багытталган. Эң башкысы – үзгүлтүксүздүк. Колдонуучулар чөнтөк телефондоруна FitJab тиркемесин Apple Store жана Play Market аркылуу көчүрүп алып, каалаган убакта, каалаган жерде спорт менен алектенишсе болот”, - дейт тиркеменин негиздөөчүлөрүнүн бири Эрик Абдыкалыков.

null

Тиркемени көчүрүп алган соң 10 программа акысыз берилет. Андан ары улантууну каалагандар калган программаларга мүмкүнчүлүк алуу үчүн төлөм аткарып катталуусу керек. Бул төлөмдөр спорт залына берилген акыдан алда канча арзан турат.

Бул долбоордон түшкөн каражаттын белгилүү өлчөмү дүйнө жүзү боюнча мусулман кыздарына арналган 100 спорт аянтчаларын курууга жумшалмакчы.

Мындай тиркемени түзүү идеясы Никита мырзага таандык. Никита - триатлон боюнча эл аралык турнирдин катышуучусу. Ал аталган мелдешке барганда күндүн ысыгына карабай денеси толук жабылган кийим жана башындагы жоолугу менен 1,9 км аралыкты сүзүп, 90 километрди велосипед, 21,1 километрди жөө чуркап өткөн кызды көрүп калган. Бул көрүнүшкө Никита абдан таасирленип, ошондо ага мусулман кыздары үчүн аларга ыңгайлуу шартта спорт менен алектенүүгө жардам бере турган тиркеме түзүү идеясы келген. Никита Рыжих өзүнүн оюн Эрик мырзага сунуштап, ага бул сунуш абдан жагат. Анткени, Эрик Абдыкалыков улуту, баалуулуктарына карабай бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлүшүн каалайт.

Бир пикирдеги кыргызстандык жигиттер бул долбоор дүйнөдөгү мусулман кыздарына арналган алгачкы фитнес тиркеме болушун каалашып, дароо ишке өтүшөт. Идеяны ишке ашыруу жолдорун издеп жүрүшүп, алар Казандагы мусулман дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн эл аралык инвестициялык форуму тууралуу угуп, Кыргызстандын атынан катышууну чечишет.

“Миңдеген катышуучулардын арасынан тандоо турунан өтүп, 25 жеңүүчүнүн катарына кошулдук. Андан соң форумдун жеңүүчүлөрү эсептелген бешилтикке кирип, азыркы тапка чейин бул уюм менен иштешип келебиз”, - дешет алар.



Башка жаӊылыктар
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов