Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 сентябрь 2019

Диний аалым, Кыргызстандагы Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Саясат илимдеринин доктору, профессор Кадыр ажы Маликовдун “Мусулман жаштары: Баалуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу китеби жарык көрдү.

null

Китеп бүгүнкү күндөгү мусулман жаштарынын көйгөйлүү маселелерине, XXI кылымдын ааламдашуу шарттарында кандай баалуулуктарга багыт алууларына арналган.

Жарык көргөн китепте бүгүнкү күндө жаштарды ойго салган темалар, маселен, “бакыт”, “адилеттүүлүк”, паракорлук”, “маданият”, “заманбап мусулман үй-бүлөсү” сыяктуу бир топ маселелер так, таасын, мыкты мисалдар, статистикалык маалыматтар менен ачылып берилди.

“Жаш мусулман кандай болушу керек?”, “Жашоодо ал эмнелерге умтулуусу кажет?”, “Исламдын көз карашы боюнча ийгилик жана бакыт деген эмне?”, “Коюлган максаттарга жетүү үчүн эмне кылуу зарыл?” деген сыяктуу суроолорго исламдын призмасы аркылуу берилген жоопторду окуй аласыздар.

Мындан тышкары, китептин сырткы жасалгасы, ичиндеги ойлондура турган сүрөттөр китептин мазмунун жакшы түшүнүүгө мыкты жардамчы болот.

“Мусулман жаштары: Баалуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр ” китеби окурмандардын кенен чөйрөсүнө багытталып, ошондой эле, жаштар арасында адеп-ахлак, диний маданиятты жогорулатууга арналган дарстарды өткөрүүгө окуу куралы катары сунушталат.

Китепти «Alif.books_kg» дүкөнүнөн (Чүй көчөсү, 50) сатып алсаңыздар болот. Ошондой эле, 0772 665 395; 0555 279 595 номерлери аркылуу буйрутма бериңиз.



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов