Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Ыйман" фонду / Жарыяланды: 10 октябрь 2019

Жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоорунун алкагында бул күндөрү Бишкек менен Ош шаарларында “Дин таануу” семинарлары жүрүүдө. Бул тууралуу “Ыйман” фондунан кабарлашты. 23- сентябрда башталган иш-чара 23-декабрга чейин уланмакчы.

null

“Дин таануу” семинары “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан уюштурулууда.

Бишкектеги семинардын лекторлору - “Ыйман” фондунун төрагасы, теолог Самаган Мырзаибраимов “Ислам укугу” тууралуу, муфтияттын аппарат жетекчиси, диний аалым Садыбакас Доолов Куран тафсири (Курандын тушүндүрмө котормосу) боюнча, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмүнүн окутуучусу, доктор Абдурашид Бабатаев “Дин философиясы” боюнча лекция окушмакчы.

Ош шаарында Теология факультетинин окутуучулары (6 лектор) “Куран тафсири”, “Хадис”, “Ислам тарыхы”, “Дин социологиясы”, “Ислам агымдар тарыхы”, “Диндер тарыхы” багыттары боюнча сабак өтүшөт.

“Дин таануу” семинарларына баардык каалоочулар катыша алышат. Кирүү акысыз.

Семинар Бишкекте жуманын ар шаршемби күнү (3-күн) саат 16:30дан 17:30га чейин болот. Дареги: Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Жал кампусу, Теология факультети, 200-кабинет. Байланыш номери: 0709 09 87 67.

Семинар Ош шаарында жуманын ар шаршемби жана бейшемби кундөрү (3-4-күндөр) саат 15:00дон 16:00го чейин өтөт. Дареги: Ош мамлекеттик университетинин теология факултетинин китепканасы, 3-кабат. Байланыш номери: 0558 40 64 19.

Эскертүү: Семинарга барардан мурун сөзсүз жогорудагы көрсөтүлгөн номерлер аркылуу каттоодон өтүү зарыл.

Белгилей кетсек, семинар башталган күндөн тартып (23-сентябрдан баштап) сабактарды бир да жолу калтырбай келгендерге соңунда тастыктоо сертификаттары тапшырылмакчы.

Аталган долбоор жыйынтыкталган соң семинардын катышуучуларынын ортосунда өтүлгөн сабактар боюнча сынак өткөрүлөт.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов