Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 14 октябрь 2019

Бишкекте 10-октябрь күнү “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү. Иш-чараны “Мутакаллим” аялдардын коомдук прогессивдүү бирикмеси, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) биргеликте уюштурушту.

null

Бишкектин ар кыл райондорунан, жогорку окуу жайларынан келген кыз-келиндер жана апалар үй-бүлөнүн калыптанышына, өнүгүшүнө жана бакубаттуулугуна кандай факторлор таасир тийгизерин уга алышты.

Бактылуу үй-бүлөнүн курулушуна интеллектуалдык жана адеп-ахлактык жактан өскөн, ден соолугу бекем ата-эненин ролу чоң экендиги өзгөчө баса белгиленди.

Айрыкча, балдардын дени сак төрөлүшүндө эненин ден соолугунун чың болушу, ата-энелердин качан жана канча балалуу болуу, каалап күтпөгөн кош бойлуулукту алдын алуу,балалуу болгон соң анын тарбиясын мектепке эле тапшырып койбостон, ата-энелердин да бул процесске жоопкерчилик менен мамиле кылууларынын зарылдыгы өзгөчө баса белгиленди.

Энелердин төрөт маалындагы өлүмүнүн себеби, биринчи кезекте, аялдардын өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап жаткандыгы менен түшүндүрүлдү. Мындан сырткары, социалдык-экономикалык абал, балалуу болууну туура пландоо боюнча маалыматтын жетишсиздиги, үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климат да олуттуу таасир этери айтылды.

Иш-чаранын соңунда коноктор үчүн медициналык кеңеш, мехенди (колго табигый боектор менен кооз сүрөт тартуу) жана жоолук салуу боюнча мастер-класстар уюштурулду.

1 / 6



Башка жаӊылыктар
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов