Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 17 октябрь 2019

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан «Фыкхий (укуктук) талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

null

Аталган иш-чара Египет мамлекетинин дин иштери боюнча башкармалыгы (муфтият) тарабынан уюштурулуп, ага 73 мамлекеттин муфийлери, дин аалымдары катышууда. Конференцияда дүйнө жүзүндө салттуу ислам дининдеги фатванын (исламдын принциптерине ылайык чечим чыгаруу) орду, фыкхий (укуктук) талаш-тартыштарды жөнгө салуу темаларынын алкагында талкуу жүрүүдө.

Бул иш-сапардын алкагында муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин муфтийи шейх Шавки Аллаам жана Египет Ислам изилдөө академиясынын башкы секретары шейх Назир Айаад менен жолугушту. Анда тараптар дин башкармалыктар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу, Кыргызстандагы дин кызматкерлердин квалификациясын аль-Азхар университетинен жогорулатуу, аль-Азхар университетинде билим алып жаткан Кыргызстандык студенттердин стипендия маселелери тууралуу сөз болду.

Баса белгилесек, Эл аралык конференция 3 күнгө созулуп, анын алкагында бардык катышуучулар фатва маселесине тиешелүү суроолорду талкуулашып, анын коомдогу ордун жана тынчтыкты сактоодогу максатын терең карап чыгышмакчы.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Казакстандын белгилүү дин аалымы Абдыгаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды
2 июль 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27