Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 24 октябрь 2019

Бишкекте кош бойлуу мусулман айымдарына арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот. Бул тууралуу уюштуруучу, коомдук активист Индира Аркенс кабарлады.

null

Аталган иш-чара 31-октябрда “Чиполлино” кафесинде (“ГУМ” соода борборунун 4-кабатында жайгашкан) саат 11:00до башталып, 14:00го чейин уланмакчы. Жолугушуунун алкагында кызыктуу лекциялар, профессионалдардын кеңештери, конкурстар жана баалуу белектер ойнотулат. Иш-чаранын башкы максаты – аялдарды эне болууга даярдоо. Баса белгилей кетсек, бул жолугушууга турмушка чыга элек кыздар да келип, өзүлөрүнө пайдалуу маалымат алып кетүүгө мүмкүн. Ал эми кичинекей балдары бар энелер кабатырланбастан келе берсе болот. Анткени алар үчүн балдарга арналган оюн аянтчалары каралган.

Алгач ирет кош бойлуу мусулман аялдардын жолугушуусу ушул жылдын жай айында өткөрүлгөн. Анда 30дан ашун аял болочок энелер үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу кеңештерди алууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Иш-чара келгендерге абдан жаккандыктан 2-ирет уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.

Аталган уникалдуу иш-чараны коомдук активист Индира Аркенс @m_arkens демилгелеп, уюштурууда.

Бул жолу жолугушуунун катышуучуларын төмөндөгүдөй темалар боюнча лекциялар күтөт:төрөткө даярдануу жана төрөттөн соң кайра калыбына келүү, тамактануунун түйүлдүккө тийгизген таасири, ымыркайга туура кам көрүү, эмизүү, кош бойлуу учурда аялдын өзүнүн бет терисине кам көрүү жана ымыркайга массаж жасоо.

Мындан тышкары, кызыктуу викторина жана конкурстар, чакан фуршет жана фотосессия уюштурулмакчы.

Төмөндөгүдөй баалуу белектердин ээси болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар: сапаттуу жалаяктар, ымыркайдын терисине кам көрүүчү каражаттар, оюнчуктар, ортопедиялык жаздыктар, эмизген энелерге ыңгайлуу кийимдер жана башка баалуу белектер.

Билет баасы – 700 сом.

Маалымат үчүн телефон (вотсап) – 0555729972; ЭЛСОМ 0555 72 99 72.

1 / 10



Башка жаӊылыктар
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 январь 2020г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
13:14
Аср
16:22
Шам
18:09
Куптан
19:24