Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 ноябрь 2019

Кыргызстанда “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылып, иштеп баштаганына 1 ай болду. “Нусра” араб тилинен которгондо “жардам” деген маанини туюнтат.

null

Аталган агенттикти коомдук активист жана журналист Амаль Миранова жолдошу менен биргеликте негиздешкен. Амаль айым бул агенттиктин башкы максаты мусулмандарга өз түгөйүн табууга жардамдашуу, бул процессти баштан-аяк ислам тартиптерине ылайык алып баруу жана үй-бүлө институтунун бекемделишине салым кошуу экендигин баса белгиледи.

“Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 16 жыл болду. Бул убакыт аралыгында биз бир нече ирет жаш үй-бүлөлөрдүн куралышына себепкер болгонбуз. Россияда жашап жүргөн кезде россиялык мусулмандардын арасында мындай нике агенттиктери популярдуу, ага суроо-талап жогору экендигин байкадым. Кыргызстанга да, дегеле дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга мындай кызматтар керек деп ойлойм. Анткени шарият жолундагы кыз менен жигит бири-бири менен түзмө-түз тааныша албайт, уялышат. Андыктан, биз аларга бул процессти жеңилдеткибиз келет. Бизге да “жакшы кыздар барбы, жоопкерчиликтүү жигиттерден болсо айткылачы” деп көп кайрылышат. Ушундан улам Кыргызстанда да ислам тартиптерине ылайык, сапаттуу, азыркы замандын талаптарына жооп бере турган агенттикти ачуу идеясын ойлоп, 3 жыл бою ичимде бышырып жүрдүм”, - деген ойлору менен бөлүштү Амаль Миранова.

null

Белгилей кетсек, аталган агенттик Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.

“Нусра” нике агенттигинин ачылганына 1 ай гана болсо да, алгачкы түгөйлөр пайда болду. Азыркы тапта дагы 2 түгөйдүн тараптары сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышканын агенттиктен билдиришти.

Амаль айым баса белгилегендей, көптөрү атайын агенттик аркылуу таанышкандан уялышат. Ошондуктан, алар ар бир адамдын анонимдүүлүгүн сактоого кепилдик беришет. Мындан сырткары, алар ар бир адамга индивидуалдуу мамиле жасоо, түгөйлөрдү табыштырууда кылдаттык менен мамиле кылууга, керек убакта психологдун да кызматын колдонууга өзгөчө маани беришерин айтты. Түйгөйлөрдүн каалоосу менен нике кыюу процессине да тиешелүү көмөктөр көрсөтүлөт.

“Нусра” нике агенттигинин дареги: Калык Акиев көчөсү, 66, “Весна” соода борбору, 4-кабат, А5 кеңсеси.

Байланыш телефондор - +996 700 47 41 47 (мырзалар үчүн), 0704 34 44 48 (аялдар үчүн), +996 990 19 99 09 (вотсап).

Маалымат үчүн инстаграм баракча - @nusra.kg



Башка жаӊылыктар
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
9 июль 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:32
Бешим
13:07
Аср
18:24
Шам
20:46
Куптан
22:27