Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 6 ноябрь 2019

Мусулман кыздарга арналган “FitJab” фитнес тиркемеси (приложение) “Startup Istanbul” аттуу масштабдуу эл аралык иш-чарада 165 өлкөнүн ичинен эң мыкты ондукка (TOP 10) кирди. Эсиңиздерге салсак дүйнөдө алгачкы болуп эсептелген “FitJab” фитнес тиркемесин кыргызстандык Эрик Абдыкалыков менен Никита Рыжих биргеликте иштеп чыгышкан.

“Startup Istanbul” эл аралык иш-чарасында катышуучулар Google Ventures, Microsoft Ventures, Y Combinator, Naspers, 500 Startups сыяктуу 500 дөн ашык венчурдук фонддоордун алдында өзүлөрүнүн идеяларын түшүндүрүп беришет. Кыргызстандык стартап мына ошондой 155 000 идеянын ичинен эң мыкты ондуктан орун ала алды.

null

“Никита экөөбүз жана жалпы командабыз үчүн бул дагы бир жеңиш жана биздин туура жолдо багыт алып бара жатканыбыздын көрсөткүчү. Азыркы тапта биздин команда Нью-Йорк, Лестер, Лондон, Киев, Москва жана Сан-Францисколук профессионалдардан турган интернационал командага айланды. Бирок стартаптын мекени жана башкы базасы Бишкек болуп кала берет. Биз өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз менен Кыргызстандан глобалдык долбоорлордун иштелип чыгышы мүмкүн экендигин далилдегибиз келет. Буюрса, сиздердин колдооңуздар жана мыкты командабыз менен мындан аркы ийгиликтерди багынтууга аракеттенебиз”- , деген пикирин калтырган өзүнүн фейсбук баракчасында Эрик Абдыкалыков.

Эске салсак, “FitJab” дүйнөдөгү алгачкы адал фитнес тиркеме болуп эсептелет. Бул программада бардык видео инструкциялар халал стандарттарынын негизинде, профессионал фитнес инструкторлор тарабынан иштелип чыккан.

Тиркемени көчүрүп алган соң 10 программа акысыз берилет. Андан ары улантууну каалагандар калган программаларга мүмкүнчүлүк алуу үчүн төлөм аткарып катталуусу керек. Бул төлөмдөр спорт залына берилген акыдан алда канча арзан турат.

Бул долбоордон түшкөн каражаттын белгилүү өлчөмү дүйнө жүзү боюнча мусулман кыздарына арналган 100 спорт аянтчаларын курууга жумшалмакчы.

Бул тема боюнча кенен маалыматты бул интервьюдан окуп, видеоматериалдан көрсөңүз болот.



Башка жаӊылыктар
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
2 апрель 2020г.
Багымдат
5:05
Күндүн чыгуу
6:43
Бешим
13:05
Аср
17:35
Шам
19:33
Куптан
20:48