Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: http://aimak.kg/ / Жарыяланды: 13 ноябрь 2019

Мындан 3 күн мурун Ош шаарындагы ресторандардын биринде өзгөчө форматта, кайрымдуулук иши менен коштолгон үйлөнүү тою өттү. Жаш активист Нурлан уулу Нургазы жубайы Ханзада менен биргеликте тойго кетчү чыгымды турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө жардам катары беришти.

null

Мындан сырткары, тойго меймандарды чакыруу социалдык тармак аркылуу жүрүп, той эртең менен саат 11:00до башталып, биринчи бөлүгү аш-этсиз, дасторконсуз башталды. Катар тизилген орундуктарга келген конокторго бүгүнкүнүн эң актуалдуу маселелерин көтөргөн пайдалуу семинар өтүлдү. Мындай уникалдуу тойдон таасирленген эки жаштын санаалаштары өзүлөрүнүн ойлору менен социалдык тармактарда бөлүшүштү.

Нурлан уулу Нургазы өзү кайрымдуулук фонддорунун биринде иштегендиктен, тойго кетчү чыгымды колунда жок үй-бүлөлөргө берүүсүнүн да жөнү бардай.

Социалдык тармак аркылуу жүргөн тойго каттоо жалпысынан 700дөн ашуун конокту (бардык каалоочуларды) чогултту. Бул саамалыкка Ош шаарынын казыятынын өкүлдөрү, белгилүү диний аалым Садыбакас ажы Доолов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да катышышты. Алар “Үй-бүлө баалуулуктары, ысырапкорчулук, адеп-ахлак” темаларында чакан баян окушту.

“Китептердин көргөзмөсү да уюштурулуп, көпчүлүгү китеп сатып алышты. Бул той каржы жактан үнөмдүү, руханий жактан жемиштүү болгондугу менен айырмаланды.”,-дейт эки жаштын коногу Илгиз Шамырзаев.

“Семинар соңуна чыккан соң, семинарга катышкандар чай-пайсыз эле тарап кетишти. Шарт ушундай болгон. Сый тамакка: кудалар эки үстөл, ата-журт, тага журту эки үстөл, достору бир үстөл, бизге окшогон агай-эжекелери бир үстөл, жалпысы ашып кетсе 60-70 адам кирди. Ичимдиги, тамадасы, ырчы-чоорчусу, бийчиси, жалданган эстрада жылдыздары жокко эсе. Бирок эркин микрофон эфирде болду. Каалагандар каалоо-тилектерди айттык. Кой союптур, дасторкон жайыптыр, бирок ысырапкорчулук жок, уруш-талаш, карызы жок сонун той болду. Эртең, Нургазы карыз төлөйм, ресторандын чыгашасын төлөйм, аристтердин гонорарын төлөйм, бийчилердин акысын төлөйм, жылкынын акчасын берем деп башы оорубайт. Карыз төлөйм деп Россия, Казакстанга мигрант болуп жөнөбөйт. Банкка барып кредит сурап карызга батпайт. Нургазы азыркы куру намыс кыргыздардын - аёосуз, чыгашалуу, үйлөнүү үлпөтүнө ат көтөргүс чоң жаңылык киргизди!

Семинарда артымда олтурган бойдок балдар: "Мен дагы ушундай эле той кылам”, - десе, экинчиси: “Буюрса менин тоюм да Нургазыныкындай болот",- деп ниет кылып жатышты. Ниетиңерге жеткиле - келечек ээлери!”, - деп бөлүшөт жазуучу Жыргал Сулайманов өзүнүн фейсбук баракчасында.



Башка жаӊылыктар
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Мусулмандардын эл аралык «NAMA» фонду Кыргызстанга жардам берет. Тизмеси менен таанышыңыз
8 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Намаз убактылары
15 август 2020г.
Багымдат
4:20
Күндүн чыгуу
6:08
Бешим
13:06
Аср
18:01
Шам
20:08
Куптан
21:32
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов