Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив, ‎Вахид Ходжабриян‎ / Жарыяланды: 28 ноябрь 2019

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Иран Ислам Республикасынын искусство жана адабиятына арналган көргөзмө уланууда. Бул жерден калаа тургундары иран элинин бай маданияты менен кененирээк тааныша алышат. Ирандын тарыхы, адабиятын чагылдырган китептер, буюм-тайымдар, иран элинин колдо жасалган уз буюмдары, килемдерин көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кирүү акысыз. Көргөзмө декабрь айынын ортолоруна чейин уланарын Иран элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

null

Эске салсак, 22-ноябрда башталган көргөзмө бери Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Иран маданияты жана адабиятынын жумалыгынын алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чараны Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү уюштурду.

Көргөзмө Ирандын маданиятын таанытуу, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы маданий алаканы бекемдөөнү көздөйт.

null
Маданий иш-чарага Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен да өкүлдөр келишти

Баса белгилесек, Иран маданияты жана адабиятынын жумалыгынын алкагында муну менен катар башка да иш-чаралар орун алды. Ирандан профессор, “Саади” атындагы фонддун директорунун орун басары Реза Мурат Сахраи кыргызстандык перс тили боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, бул тилди окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөттү боюнча иш-чараларга катышып, жыйынтыгында мугалимдерге атайын сертификаттарды тапшырды.

null

Ошондой эле, борбор калаадагы № 51 мектепте перс тили кабинети ачылып, Кыргызстандагы иран таануучуларга “Саади” фонду тарабынан атайын белектер ыйгарылды. Улуттук китепканадагы “Фирдауси” кабинетине жаңы китептер, компьютерлер коюлду.

1 / 14



Башка жаӊылыктар
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 январь 2020г.
Багымдат
06:47
Күндүн чыгуу
08:26
Бешим
13:13
Аср
16:18
Шам
18:05
Куптан
19:20