Бүгүн - Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү. Аллах Таала адамдардын бардыгын ар бирине тиешелүү өзгөчөлүк менен жаратып, ар бирибиздин маңдайыбызга уникалдуу тагдырды жазган. Коомубузда бай жана кедей, алсыз жана күчтүү адамдар бар. Биз ар түрдүүбүз, бирок ар бирибиздин бул дүйнөдөгү миссиябыз, укуктарыбыз жана милдеттерибиз бар.
Өзгөчө тагдырлардын ээси болгон мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге татыктуу мамиле кылуу - ар бир мусулмандын милдети. Бул иште улуу өрнөктү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ көрсөткөн.
Мисалы:
1- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге катардагы эле адамдардай мамиле кылган. Пайгамбарыбыз ﷺ алардын коомдон бөлүнүп калуусуна жол берген эмес.
2- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге алсыз адамдардай караган эмес. Тескерисинче, аларга маанилүү тапшырмаларды берип, коомдун бардык иштерине активдүү аралаштырууга аракеттенген. Мисалы, Пайгамбарыбыздын ﷺ көзү азиз сахабасы Абдулла ибн Умм Мактум Аллах элчисинин тапшырмасы менен 13 жолу жамаат менен окулчу намазга имамдык кылган. Ошондой эле, ага азанчылык милдет да жүктөлгөн.
3- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ишке орношууга, жумуш табууга ар дайым жардам берген.
Пайгамбарыбыздын убагында мүмкүнчүлүгү чектелген Захир аттуу сахаба жашаган. Ал сырткы келбетинен уялгандыктан, элдердин арасында жүрүүдөн качып, жалгыз чөлдө жашачу. Бир жолу пайгамбарыбыз мөмө-жемиштерди чогултуп, көзү азиз Захирге буларды Мединанын базарында биргеликте сатууну сунуштайт. Пайгамбарыбыз Захирге бул соода-сатык иштеринде жардамдашып, муну менен катар ага дайыма мактоо сөздөрүн айтып, “Захир-биздин чөлүбүз, а биз анын шаарыбыз”, - дечү эле.
4- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерди алардын сырткы келбетиндеги өзгөчөлүктөрдөн улам шылдыңдоого катуу тыюу салган. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сырткы келбетин тигиле карап, кемчиликтерди издөө, аны талкуулоо, уяткаруу жаман иш-аракет экендигин эскерткен.
5- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө чакырган. Аллах элчиси өзгөчө тагдырга туш болгон адамдарга да маанилүү милдеттерди жүктөгөнү менен, алардын ден соолугунун өзгөчөлүгүн эске алып, элдерди мындай адамдарга бийик адамгерчилик менен жардам берүүгө чакырган.
“Көзү көрбөгөн адамга жардам колун сунуу, дүлөй жана дудук адамдар менен алар түшүнгөндөй деңгээлде сүйлөшүү, алсызга аны колунан алып жардам берүү, кыйналып жаткан адамга даба табууга көмөктөшүү – мунун баары садаканын түрлөрү” (Ахмад ибн Ханбал).
Пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ мындай даанышман саясатынын аркасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өзүлөрүн коомдун толук кандуу мүчөсү сезип, коомдун орчундуу маселелерине активдүү катышып, маанилүү кызмат орундарын да ээлешкен.
Көңүл буруңуздар!
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин бириктирген “Бейиш балдары” коомдук фонду бар. Бул фондго кайрымдуулук кылуу менен сиз өзгөчө балдардын энелерине чоң колдоо көрсөтөсүз.
ЭлСом: +996 773 684 176;
№/Эсеп 1280016053407506;
Телефон: 0550 102 875, 0702 193 209.
16 ноябрь 2023
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
20 июль 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
1 июнь 2023
30 май 2023
30 май 2023
30 май 2023
13 май 2023
31 март 2023
17 январь 2023
21 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022