Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 9 декабрь 2019

“Сөз кийинчерээк сүйлөнсүн. Азыр иш менен далилдейбиз”. Кыргызстандык демилгелүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн опол-тоодой эмгек жасашты. Активисттер 2 айда Лейлек району үчүн 9,5 миллион сомго тете 35 000 китеп чогултуп, 50 айылды 50 китепкана менен камсыздады.

null

Кыргызстандык жаштардын жеке демилгеси менен ушул жылдын башында старт алып, өлкөнүн бардык аймагын камтыган "Бир адамдан бир китеп" долбоору 1 жылга жетип - жетпей эле чоң ийгиликтерди жаратты.

Долбоордун соңку жаңылыктарынан – 2 айда Лейлек району үчүн 9,5 миллион сомдук 35 000 китеп чогултулуп, райондук китепканаларга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу аталган долбоордун активисти Табылды Муратбеков билдирди.

Бул иштин башында "Илек-Илек" коомдук бирикмесинин жетекчиси, келечектен көптү үмүттөндүргөн Элдияр Жээналиев туруп, республиканын булуң-бурчунан топтолгон ыктыярчылар менен бирге ишке ашырды.

“Ар кайсы аймактан бириккен жаштар, чек арадайгы районго, Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн билимге инвестиция кылабыз деп, китеп чогулттук. Буга кайдыгер карабаган инсандар өз салымдарын кошуп жатты”, - дейт Элдияр Жээналиев.

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун автору Бакай Акылбек уулу китептерди айыл элине кантип тапшырып келишкени туурасында Фейсбук баракчасына мындай билдирүү калтырды (текст өзгөртүүсүз берилди).

Лейлекке бардык. Элдин кубанычында чек жок! Жакшы тилектер, баталар, анча-мынча көз жаштар... 35 000 миң китеп 50 айылга тең бөлүштүрүлдү.

Чек арадагы Максат айылына барганыбызда өтө кубаныч менен тосуп алышты. “Мындай сонун адабий китептер эмес, жадагалса мектепке предметтик китептер жетишпей турду эле. Ушунун баары биздин айылгабы?”- деп сүйүнүү менен кабыл алышты. Китептерди окутуу иштерин колго алышарын билдиришти.

Жакшы тилектер айтылды:

1- Чек араны илим-билим менен да коргойлу!

2- Исхак Раззаковдой инсандар көп чыксын!

3- Өлкөбүз ар бир адамы, бир чымчым топурагы менен бүтүн.

4- Лейлек району Кыргызстандагы эң алдыңкы китепкөй район болсун!

5- Ал эми Кыргызстан дүйнөдөгү эң китепкөй өлкө болсун!

Чек арадагы абалды, баштан өткөн окуяларды, элдин үмүтүн өз ооздорунан угуп алып терең ойго баттык. Жасай турчу иштер көп экен! Буюрса, кийин да кененирээк жазам”.

Белгилей кетсек, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун аркасында республика боюнча 100 дөн ашуун китепкана жаңыланып, айрым райондордо жаңы китепканалар ачылды. Аталган долбоордун негиздөөчүлөрү - Бакай Акылбек уулу менен Эрлан Смайыл уулу.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Намаз убактылары
22 январь 2020г.
Багымдат
06:47
Күндүн чыгуу
08:26
Бешим
13:13
Аср
16:18
Шам
18:05
Куптан
19:20
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов