Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 18 декабрь 2019

Кыргызстанда кайрымдуулук жаатында активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы” жыл жыйынтыгын чыгарууда. Аталган ассамблея 2019-жылы калктын аярлуу катмары жана жаштар үчүн зарыл болгон ар тараптуу долбоорлордун үстүндө кеңири иш алып барды. Бул тууралуу ассамблеянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

null

Эң зарыл болгон социалдык муктаждыктарга басым жасалып аткарылган долбоорлордун баардыгы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырылат. Алардын арасынан эң маанилүү ири долбоорлор төмөнкүлөр.

Мектеп куруу:

Келечек ээлеринин сапаттуу билим алуулары үчүн жаңы мектептерди куруу ассамблеянын негизги багыттарынын бири. Быйылкы жылы Республика боюнча 4 мектептин курулушу аяктап колдонууга берилди. Дээрлик бардык мектептер ички жана сырткы жасалгалары, жылытуу системасы, класстык эмеректери (парта, стул, жазуу тактасы, мугалимдер жана ашкана үчүн атайын эмеректер, ж.б.) сырткы темир тосмолору менен кошо толук бүткөрүлдү. Ар бир салынган мектеп жергиликтүү бийлике муниципиалдык менчик карамагына өткөрүлүп берилет. Ал жердеги окуу системасы жана кадр саясаты толугу менен мамлекеттин кароосуна тапшырылат.

Медициналык объекттерди куруу:

Акыркы жылдары эң актуалдуу долбоор катары медициналык клиникаларды куруу болууда. Мунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарына төрт клиника курулуп мамлекеттин эсебине өткөрүп берилди.

Медициналык объекттер жайгашкан жерине, калктын муктаждыгына жараша аянты боюнча атайын стандартка ылайык ФАП (86м²) же медпункт ҮДТ (156м²) деп эки түрдүү болуп курулат. Мындан сырткары, 1000м², 750м², 450м² көлөмүндөгү көп функционалдуу чоң клиникалар дагы курулуп калктын медициналык муктаждыктарын жеңилдетүү кызматында ийгиликтүү иштеп жатат.

“Таза суу” долбоору:

Адамзатка эң керектүү, өмүрдүн булагы болуп эсептелген таза сууну ар бир үйгө жеткирүү максатында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып жатат. Тагыраак айтканда, жер астынан 20-60 метр тереңдиктен суулар чыгарылып, 700 скважина, 600 насос жана атайын суу түтүктөрү орнотулуп, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына орнотулган.

Быйылкы жылдын эсебинде 21 жерге суу долбоорлору каржыланып, 7км жерге суу түтүктөрү орнотулган.

Атасыз балдарга колдоо көрсөтүү:

Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган балдарга материалдык, медициналык жана билимин жогорулатуу жагынан кам көрүү - ассамблеянын негизги бутагынын бири.

Азыркы учурда 1500 баланы ай сайын жөлөк пул менен камсыздоодо. Алар ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, кышкы жана жайкы мезгилге ылайык кийимдер, мектеп окуу каражаттары менен камсыздандырылып жана квартал сайын медициналык көзөмөлдөн өткөрүлүп турушат. Ар бир бала жөлөк пул аларда сөзсүз таттуу белектерди да алышат.

Атадан эрте ажыраган балдарга жылмаюу тартуулоо - эң маанилүү иш!

Азык-түлүк:

1100 баштык азык-түлүк даярдалып жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылды. Кайрымдуу баштыкчасы 25кг күрүч, 25кг ун, 10л суу май, 10кг макарон, 5кг кум шекер, 2кг печенье, 1л томат пастасы, 1 куту чай, ж.б.у.с. тамак-аш азыктары менен толукталды.

Курман айт майрамына карата 10 тонна бодо мал жана кой эттери жакыр жашаган жарандарга берилди.

Рамазан айында жыл сайын орозо кармаган жарандарга ифтарлыктар (ооз ачыруу) уюштурулуп, 7 миңден ашуун мусулмандарга дасторкондор жайылды.

Мындан сырткары, Нарын облусунун эң суук, алыста жайгашкан айылдарына 50 т көмүр муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.

Мусулман жаштарынын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөнүнө быйыл 19 жылдан ашты. Ассамблеясынын Кыргызстандагы жетекчиси Мухаммед Мады.

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы 1972-жылы Эр-Риядда ар кыл өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюмдун 75 өкүлчүлүгү бүткүл дүйнөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калктын аялуу катмарына – жаштарга, жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз жардамын берип келет.

Аталган ассамблея бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын кайрымдуулугунун эсебинен ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

1 / 13



Башка жаӊылыктар
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Токтогулдагы 44 айылда алкоголь сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Ичкиликке каршы акция жалпы Кыргызстанды камтыйт
27 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
1 октябрь 2020г.
Багымдат
5:25
Күндүн чыгуу
6:59
Бешим
12:51
Аср
16:57
Шам
18:47
Куптан
20:18