Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 20 декабрь 2019

Ушул жылдын 27-апрелинде Индонезия мамлекети бүткүл дүйнөлүк Куран жарышын уюштурган эле. Ага 23 мамлекеттен эң күчтүү талапкерлер келген. Мына ушул жарышта 11 жаштагы мекендешибиз Мирбек кызы Ханифа 23 мамлекеттин ичинен 3-орунду алып, Кыргызстандын желегин желбиретти. Бул тууралуу бизге Ханифанын атасы Мирбек Абдимажитов билдирди.

null
Дүйнөлүк Куран жарышында жаш курагы боюнча эң кенже катышуучу кыргызстандык Ханифа болду.

Баса белгилесек, бул дүйнөлүк Куран жарышында жаш курагы боюнча эң кенже катышуучу кыргызстандык Ханифа болду. Калган катышуучулардын жашы 20дан өйдө эле.

Ханифанын атасынын айтымында, ал 8 жашында Куранды толугу менен жаттап, ижаза алган. 9 жашынан баштап Ханифа 10 кыраатка түшкөн (Курандын 10 кырааты деген 20 риваят, Куранды 20 түрдө окуй алат дегенди түшүндүрөт).

Ханифага Аллахтын сөзү болгон ыйык Куранды жаттатып, анын маани-мазмунун түшүндүрүүдө анын ата-энесинин, мугалимдеринин чоң күч-эмгеги жумшалды.

null
Ханифа атасы менен

Ханифанын атасы Мирбек мырза буларга токтолду:

“Кызыбыздын Куран үйрөнүүсүндө апасынын эмгеги аябай чоң. Биз Ханифаны дүйнөлүк Куран жарышына, биринчи кезекте, утуп, байге алыш үчүн эмес, ошол жактагы конкурска катышып жаткан эжелерин, күчтүү кыздарды көрүп, үлгү алсын, шыктансын, Куранга болгон кызыгуусу дагы да артсын деген ниет менен катыштырдык. Дүйнөлүк жарышка кызыбызды катыштырууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын Египеттеги өкүлү Акылбек Тагаевге терең ыраазычылык билдиргим келет, анткени бул саамалыкка ушул адам себепчи болду”, - деди Мирбек мырза.

Баса белгилей кетчү жагдай, Ханифанын ата-энеси ага Куранды жаттатып эле койбой, анын маани-маңызын түшүндүрүп, Куран менен жашоого үйрөтүүгө да чоң көңүл бурушат. Алар кызына ар дайым “Куран жарышыш, дүйнөлүк мелдештерге катышыш үчүн эмес, аны окуп, түшүнүп, Куран менен жашаш үчүн түшүрүлгөн” деп насаат айтып турушат.

null
Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин баш имам хатиби Мырза кары Осмоновдон Ханифага ыраазычылык баракчасы

Ханифа келечекте доктур, тагыраагы, кардиология тармагында күчтүү адис болууну кыялданат.

Кошумчаласак, Ханифа алгач ирет 9 жашында Кыргызстандагы “Ас-салам” фонду уюштурган Куран жарышына катышып, анда 1-орунду багындырган. Ушул эле жылы Египетте өткөн Куран жарышында Ханифа 610 кыздын ичинен 1-орунду багынтты.

1 / 4



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Намаз убактылары
26 май 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:33
Куптан
22:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов