Ош облусунун Дароот-Коргон айылында маркумду акыркы сапарга узатууда аза күткөн үйдө 3 күн мал-жандык сойбоо чечими демилгеленди. Бул тууралуу бизге Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Эрмекбай ажы Ташбекев кабарлады.
Ал эми коңшулары тарабынан чогулган каражатка узак жолдон келген меймандар үчүн гана сый тамак берип, андан ашык дасторкон жайып, ысырапкорчулукка жол бербөөгө үгүт-насааттар айтылды. Мындай демилгени Дароот-Коргон айылынын жаштары көтөрүп, айыл тургундары колдоп беришти.
Бул чечим 24-декабрда Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча жыйында айтылган.
Жакында эле 2 адам көз жумуп, аларды акыркы сапарга узатуу жогорудагы тартиптердин негизинде ишке ашканын баш имам-хатиб Эрмекбай ажы айтып берди.
“Маркумду акыркы сапарга узатууда айрым аймактарда тойдон да көп чыгаша болуп жатат. Кээ бир тургундардын ортосунда атаандаштык, куру намыс, “эл көрсүн” деген терс көрүнүштөр орун алууда. Ошондуктан, жаштардын демилгеси менен биз мындай көрүнүштү оңдоого аракет кылып жатабыз. Колунда барлар тажыяга кеткен чыгашанын ордуна каражаттарын кайрымдуулук иш-чараларга жумшасын. Алсак, айылга көпүрө, жол салууга, суу чыгарууга сарптасын “, — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.
Эрмекбай ажы айылда мындай чечимге каршы чыккандар да бар экенин, бирок көпчүлүгү демилгени колдоп жатканын кошумчалады.
Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
16 ноябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
20 июль 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
21 июнь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
20 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
9 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
9 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
9 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
30 май 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
30 май 2023
Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт
14 апрель 2023
14 апрель 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
22 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022