Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Crocus City Hall / Жарыяланды: 30 декабрь 2019

Келе жаткан 2020-жылдын 26-январында Москва шаарында Пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары болгон Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Россиядагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Пайгамбарыбыз Мухаммедди (ﷺ) жакындан таанытуу, руханий азык алуу жана өз ара ынтымакты бекемдөө максатын койгон бул масштабдуу иш-чара Москвадагы Крокус Сити Холлдун (Crocus City Hall) чоң залында уюштурулмакчы. Быйылкы иш-чаранын башкы темасы - "Ырыс алды - ынтымак".

null

Пайгамбарыбыз (ﷺ) тууралуу акыл-насаат жана сабак алуучу баяндарды алып баруу үчүн муфтий Максатбек Ажы Токтомушев, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Ажы Нарматов, “Хадис Академиясынын” негиздөөчүсү Чубак ажы Жалилов, муфтияттын аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов конок катары чакырылды. Чоң программадагы иш-чараны белгилүү акын Идрис Айтбаев алып барат.

Иш-чаранын алкагында келгендерге баалуу белектер жана эң башкы белек “Умра” сапарына жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк болот.

Пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси бул жылы да Москванын престиждүү, заманбап техника менен жабдылган Крокус Сити Холлдун (Crocus City Hall) чоң залында Муфтияттын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен өткөрүлөт. Сүйүнбек ажы буларга токтолду:

null

“Москвада Пайгамбарыбызга (ﷺ) арналган иш-чарага келгендердин саны жылда көп болот. Мекенден алыс жүргөн журтташтарыбыз руханий азыкка суусап турушат. Ошондуктан, бул жылы да чоң, ыңгайлуу жерге өткөрөлү деп, ушул залды тандадык”, - деди Сүйүнбек Жусубалиев.

Пайгамбарыбызды ﷺ таанытуу кечесине арналган иш-чаранын билеттери сатыкка чыгарылды. Саат 13:00до башталат.

Билеттер боюнча байланыш телефондору:

+7901 7713616

+7968 8845450

+7925 1231013

+7929 5028014

null



Башка жаӊылыктар
Мединадан Бишкекке 16 тонна Куран китеби келди
14 сентябрь 2020
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
"Кыз Куран" курсу Куран жана тажвид үйрөтүүгө кабыл алууну жарыялайт
12 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Москвада кыргыздар Курман Айтты чоң шаң менен белгилешти
4 август 2020
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Курман Айт намазы окулбайт
27 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
Ааламдан дагы бир аалым өттү: Бишкектин казысы Садриддин ажы бүгүн жерге берилди
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Быйылкы Рамазанда чогулган битир-садака былтыркыга караганда 23 миллион сомго аз болду
11 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:20
Күндүн чыгуу
6:55
Бешим
12:52
Аср
17:03
Шам
18:54
Куптан
20:26
Макалалар