Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 январь 2020

Журналисттер үчүн конкурс! Катышыңыз! Журналисттерди белгилейбиз!

“Умма” ислам журналы Дүйнөлүк жоолук күнүнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси макамынын алкагында журналисттер арасында конкурс жарыялайт. 3 номинацияда мыкты журналисттик эмгектер тандалып алынат:

1- Стереотиптерди жоюу;

2- Мусулман кызынын позитивдүү образы;

3- Бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн;

null

“Стереотиптерди жоюу” номинациясында төмөндөгүдөй эмгектер кабыл алынат: Диндар, жоолукчан кыздар спорт, илим, иссусство, ишкерлик жана башка тармактарда өзүлөрүнүн ийгиликтери менен коомдогу жоолукчан кыздарга карата калыптанып калган ой-пикирлерди кантип жоюп жатканын баяндаган эмгектер.

“Мусулман кызынын позитивдүү образы” номинациясында өзүн ар тараптан өстүрүп, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп жана позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизип жаткан мусулман кыздары тууралуу баяндалган эмгектер кабыл алынат. Балким алардын медалы, же жогорку наамы болбошу мүмкүн, бирок алар бул дүйнөнүн жарык жана позитивдүү болушуна салым кошууда.

“Бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн” номинациясында исламофобия көйгөйүн көтөргөн, мусулман кыздарынын заманбап демократиялык коомдо иштөө, билим алуу, өзүн өнүктүрүү сыяктуу тармактарда алардын укуктарын коргоо тууралуу маселелерди көтөргөн эмгектер кабыл алынат.

Конкурстун максаты

Конкурс коомдо өз ара диалогду жакшыртуу, исламофобия менен күрөшүү, светтик-диний мамилелерди гармониялаштыруу, калкты жоолукчан кыздардын коомдо туш болгон көйгөйлөрү, ошондой эле алардын позитивдүү жетишкендиктери менен маалымдар кылуу, аялзатын өнүгүү, өзүн реализациялоого шыктандыруу болуп саналат.

Конкурска кыргыз жана орус тилдеринде, каалагандай медиаформаттагы журналисттик материалдар кабыл алынат.

Конкурсттук материалдарды кабыл алуу 2020-жылдын 26-январында аяктайт.

ummamagkg@gmail.com дарегине журналисттик эмгегиңизди “ММК үчүн конкурс” деген тема менен жөнөтүңүз.

Байланыш телефон: 0777 374 353, 0770 990 018

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары “Дүйнөлүк жоолук күнү 2020” иш-чарасы учурунда белгилүү болот.

Сыйлык тапшыруу аземинен соң конкурстун жыйынтыктары ummamag.kg сайтына жайгаштырылат.

Дүйнөлүк жоолук күнүнүн автору нью-йорктук Назма Хан аттуу кыз бул демилгени 2014-жылы көтөрүп чыккан. Ал диний белгилерден мусулман кыздарына карата пайда болгон дискриминациядан улам дүйнөгө жоолук деген эмне жана өзүнүн сулуулугун чоочун көздөрдөн жашырып жүрүү кандай болорун айтып берүүгө алгачкы кадамын таштаган. Анын толеранттуулук үчүн идеясын дүйнө жүзүндөгү бардык аялдар колдошкон.

“Умма” ислам журналы тарабынан аталган иш-чара Кыргызстанда 2016-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Түрдүү ишеним, улут, көз караштагы аялдардын ортосунда диалог түзүү, агартуучулук ишмердүүлүгү, бардык аялдардын тең укуктуулук жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү үчүн иш алып баруу, уникалдуу концепция менен масштабдуу долбоорлорду өткөргөндүгү үчүн өткөн жылы, 2019-жылында, башкы редактор Элиана-Марьям Сатарова башында турган “Умма” журналы Дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси макамына татыды.

Белгилей кетсек, аталган глобалдуу демилге дүйнө жүзүндөгү 10 млнго чукул аялдар тарабынан колдоого алынып, 114 өлкөдө белгиленип келет, 18 расмий элчиси бар.



Башка жаӊылыктар
Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы балдар үйүндө болушту
27 август 2020
Бейруттагы жарылууда жумушчунун иш бөлмөсүнөн бир кагаз да жерге түшкөн эмес. Себеби
11 август 2020
Азирети муфтий Максат ажы инстаграмда жеке баракчасын ачты
10 август 2020
Курман айттын берекеси: Түркия элчилигинен бөлүнгөн 407 кг эт өз дарегине жеткирилди
6 август 2020
Россиядагы мекендештер Кыргызстандын кыйын кырдаалдан чыгып кетишин тилеп түлөө өткөрүштү
28 июль 2020
Улуу аалым Саид Нурсинин айтканы келди: Айя Софияда 350 миң адам жума-намазын окуду
25 июль 2020
ТОП-10: Айзат Топчубаева ЖРТ да жогорку упай алып, алтын сертификатка ээ болду
24 июль 2020
Оор жоготуу! Чубак ажы Жалилов дүйнө салды
11 июль 2020
Бүгүн мечиттерде жума намазы окулбайт. Ордуна өз алдынча бешим намазы окулат
10 июль 2020
Министрлик диний аалымдарды төш белги жана ардак грамота менен сыйлады
18 июнь 2020
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин алгачкы илимий журналы жарык көрдү
12 июнь 2020
Мечит жана намазканалар 8-июндан тарта ачылат
4 июнь 2020
Кыргызстанда мечиттер качан ачылат?
2 июнь 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:20
Күндүн чыгуу
6:55
Бешим
12:52
Аср
17:03
Шам
18:54
Куптан
20:26
Макалалар