Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду

Автору: Нурзыйнат Садыкова / Сүрѳттѳр: Ассанабил, "Умма" журналы / Жарыяланды: 31 январь 2020

29-январда Бишкектеги 180 атасыз жетим бала 2019-жыл үчүн 27 500 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул алышты. Бул тууралуу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунан билдиришти.

%article_title%

Кыргызстанда иш алып барган “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду "Балдар биздин бактыбыз - 2020" аттуу социалдык долбоордун алкагында Бишкектеги жетим балдарга кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. 180 баланын катышуусундагы көңүл ачуучу майрамдык салтанат “Ала-Арча” соода борборундагы эң ири “Sky Park” оюн-зоок аянтчасында болду.

Бул иш-чарага жогорку бийлик өкүлдөрү, кыргыз эстрада ырчылары жана кичинекей бийчилер катышты.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева президенттин жарлыгы менен 2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп кабыл алынганын, жардамга муктаж балдарга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтып, “Ассанабил” коомдук фондуна терең ыраазычылыгын билдирди.

null

Ал эми Социалдык өнүгүү жана эмгек министри Улукбек Кочкоров “Ассанабил” фондунун мамлекеттин көп көйгөйлүү маселелерин чечип келе жатканын белгилеп өттү. Маселен, 50 медициналык клиника, 45 орто мектеп курулуп, муниципалдык менчиктин кызматына тапшырылган. Ошону менен бирге оор турмуштук абалда калган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүдөгү эбегейсиз кызматы үчүн министрликтин жана жалпы өкмөттүн атынан У. Кочкоров фондго алкышын айтты.

Өз кезегинде “Ассанабил” фондунун жетекчиси Мохаммед Абдулькарим мырза Кыргызстанда кандай иш-чара уюштурулбасын, ал жана фонддун кызматкерлери бул иштердин баарын жарандык милдет катары санашарын айтты. Өзгөчө ыраазычылыгын иш- чаранын демөөрчүсү “Qatar Charity” кайрымдуулук фондуна билдирди.

null

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча 355 жетим балага колдоо көрсөтүлүп келет. Жөлөк пул балдарга 18 жашка чейин берилет. Бир жылдын ичинде долбоорго 9 миллионго жакын акча бөлүнөт.

Мындан ары атадан эрте ажыраган балдарга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулаган программа жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

1 / 11



Башка жаӊылыктар
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Намаз убактылары
4 апрель 2020г.
Багымдат
5:01
Күндүн чыгуу
6:39
Бешим
13:05
Аср
17:36
Шам
19:35
Куптан
20:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов