Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 19 февраль 2020

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова ислам дининин дагы бир парзын аткарып, жоолук салынганын маалымдады.

null

Нурзат айым өзүнүн социалдык баракчаларында: “Бул күндү көп жыл күткөм. Бүгүнкү күндөн баштап, Кудай буюрса, мени жоолукчан көрөсүздөр. Аллахымдын берип жаткан баардык жакшылыктарына чексиз шүгүрчүлүк кылам. Аялзатына тиешелүү болгон бир парзды аткарууну чечтим. Мендеги жаңылык ушул. Баарыңыздардын күнүңүздөр сонун уланышын каалайм”-деген билдирүү калтырган.

Нурзат айым менен байланышканыбызда, ал өзүн бактылуу сезип жатканын айтты.

“Менде азыр сонун сезимдер. Негизи 2-3жылдан бери эле бул тууралуу ойлонуп жүргөм. Чет өлкөгө көп чыктым. Жер көрдүм, эл көрдүм, акыры бардык жолдор исламга алып барарына көзүм жетти. Бир жагынан жоолук салынып, парзымды аткарган болсом, экинчи жагынан бул кадамым - Кудайга болгон чексиз ыраазычылыгым”,
- деди Нурзат Токтосунова.

Ошондой эле, ал өзүнүн тойлордогу алып баруучулук ишмердүүлүгүнө өзгөрүүлөр кирерин, эми арак ичилген жерлерге барбай турарын айтты.

Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова маданий, көңүл ачуучу программалар менен биргеликте мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды да байма-бай алып барып жүрөт. Жакында эле, тагыраагы, 1-февралда Бишкекте “Умма” ислам журналы уюштурган Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн да Нурзат Токтосунова алып барган.



Башка жаӊылыктар
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
4 апрель 2020г.
Багымдат
5:01
Күндүн чыгуу
6:39
Бешим
13:05
Аср
17:36
Шам
19:35
Куптан
20:50