Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж

Автору: Садыкова Нурзыйнат / Сүрѳттѳр: Алим Замирбеков / Жарыяланды: 24 февраль 2020

Коомубуздун аялуу катмарларынын бири – бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары. Алты саны аман адамга алардын жашоо-шартын, сыноолорун түшүнүү мүмкүн эмес.

%article_title%

“Мүмкүнчүлүгү чектелген апалар моралдык колдоого өтө муктаж. Алар балдарын майып төрөй койгону үчүн өздөрүн күнөөлөп, ичинен жей беришет. Жалгыз бой калган апаларга эки эсе кыйын. Биз ушундай апаларга колдоо көрсөтүп, агартуучу, көңүл ачуучу иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турганга аракеттенип жатабыз”
, - дейт “Бейиш балдары” коомдук фондунун негиздөөчүсү Уркуя Парманова. Уркуя айым өзү да өзгөчө кызды тарбиялайт.

Кечээ, 23 февралда, Бишкекте аталган фонд Турдакун Ниязалиевдин жетекчилигиндеги “Ак демилге” коомдук фонду менен биргеликте «Эне тилеги – бала бакыты» аттуу-иш чара уюштурушту. Бул күнү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар апалары менен келип, көңүл ачып, өздөрүнүн жалгыз эмес экендигин сезишти.

Апалар жана балдар үчүн атайын чакырылган диний аалымдар Акимжан Эргешов жана Ниматулла Рыскулов, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков мотивациялык сөздөрүн айтышып, фонддун демөөрчүлөрү жана ырчылар Турдакун Ниязалиев, Съезбек Искеналиев менен Нияз Абдыразаков аларга жагымдуу маанай тартуулоого аракеттеништи.

Бул күнү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен алардын апаларына бир катар баалуу белектер берилди.

Диний аалымдар баяндарында өзгөчө балдарды тарбиялоо Аллахтын сыноосу экенин, бул үчүн акыретте чоң сооп берилерин баса белгилешти. “Сиздердин даражаңар бийик болот”, - дешти алар.

“Аллах Таала ооруну берсе, шыпаасын да кошо берет” – деп, апаларды шыктандырды Нуржигит Кадырбеков.

Саамалыктын негизги максаты турмуштун оор сыноосунан улам үйдө депрессияга кабылып, моралдык жактан чөгүп бараткан энелерди бул абалдан алып чыгуу, жан дүйнөсүнө жакшы маанай тартуулоо жана балдарын тарбиялоого дем-күч берүү болуп саналат.

Иш-чараны уюштуруу иштеринде жетекчи Назгүл Кошалиева башында турган "Бейиш балдары" фондунун активисттери Анарбаева Өмүркан, Жаңыбаева Асылкан, Ибрагим кызы Гүлхавас, Мамбеталиева Айгерим аттуу айымдар эбегейсиз чоң эмгек жумшашты.

“Бейиш балдары” фондунун активисттери апаларды жана балдардын көйгөйүн жакшы түшүнүшөт. Анткени өздөрү да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялашат. Ошондуктан, алар ар дайым бири-бирине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө аракеттенип турушат.

Уркуя Парманова: “Апаларды колдоп, аларга үзгүлтүксүз түрдө ар кандай темада тренингдерди өтүүгө аракеттенип жатабыз. Мындан тышкары, кеңсебизде акысыз укалоо жана хижама кызматтарын да ачтык. Акырындык менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызга тиешелүү шарттарды түзгөнгө аракеттенбиз”,- деди.

Азыркы учурда “Бейиш Балдары” коомдук фонду реабилитациалык борбор ачууну пландап жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара “Бейиш балдары” фонду ачылгандан бери Бишкекте үчүнчү жолу өткөрүлдү. Ошондой эле, Балыкчы, Каракол, Кызыл-Кыя, Баткенде да уюштурулган. Мындан кийинки иш-чаралар Нарын, Жалал- Абад, Талас, Түп, Тоң жергелеринде да өткөрүү пландалууда.

1 / 12



Башка жаӊылыктар
Мусулмандардын “Ас-Сафа борбору” бирикмеси коронавирус менен күрөшүүгө 19 миллион 750 миң сом бөлдү
25 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
"Ассанабил" фонду Бишкектеги атасыз жетим балдарга жөлөк пул тапшырып, оюн-зоок уюштурду
31 январь 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Намаз убактылары
4 апрель 2020г.
Багымдат
5:01
Күндүн чыгуу
6:39
Бешим
13:05
Аср
17:36
Шам
19:35
Куптан
20:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов